Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №240 токтомуна ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматы төмөнкү милдеттерди жүзөгө ашырат:

а) тармактык саясатты ишке ашыруу милдеттери:

  • Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кароосуна Кызматтын компетенциясына кире турган маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизүү;
  • мамлекеттик каттоонун згөчөлөнгөн маалыматтык системаларынын технологиялык бирикмеси жана бирдиктүү маалыматтык-каттоо ресурсун түзүү;
  • жарандардын, уюмдардын, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун заманбап маалыматтык технологияларды пайдалануу менен интерактивдүү тейленишин уюштуруу;
  • мамлекеттик маанидеги, ошондой эле инсандыгын тастыктоочу документтерди персонификацияланган документтерди даярдоо, каттоо, эсепке алуу, берүү, коргоо, сактоо жана жок кылуу системаларын уюштуруу;
  • калкты жана жарандык абалдын актыларын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү каттоо системасын уюштуруу, мамлекеттик жер кадастрын жүргүзүү;
  • мамлекеттик бийлик органдарына программалык жана телекоммуникациялык инфраструктураларды мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара, жарандар жана уюмдар менен электрондук түрдөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун алкактарында ведомство аралык маалыматтык өз ара аракеттенишүүсүн уюштуруу үчүн берүү;
  • мамлекеттик маалыматтык-каттоо системаларынын иштеп турушунун алкактарында маалыматтык өз ара аракеттенишүүнү камсыздоо;
  • мамлекеттик каттоо жана мамлекеттик маалыматтык-каттоо системаларына кирүүгө жетишүүнү камсыздоо чөйрөсүндө кызматтарды көрсөтүүлөрдүн алкактарында мамлекеттик бийликтин органдарынынөз ара маалыматтык аракетенишүүсүн камсыздоо кызыкчылыктарында бирдиктүү маалыматтык-технологиялык мейкиндикти камсыздоо жана иш жүзүнө ашыруу;
  • электрондук билдирүүлөрдү алуучуга убактысын, бүтүндүгүн, аныктыгын, авторду жана купуялуулугун каттоону камсыз кылуу менен кепилденген жана заманга ылайык жеткирилишин жана юридикалык күчкө ээ болуучу тийиштүү күбөлүктөрдү берүү мүмкүндүгүн камсыздоо;
  • берилип жаткан маалыматтардын санкцияланбаган кирүүдөн, бурмалоодон же өзгөртүүдөн корголушун камсыздоо;
  • архив ишин, калкты каттоо жана автомототранспорттук каражаттар жана алардын чиркелүүчүлөрү, атайын технологиялык машиналар, айдоочулук курам, жарандык абалдын актылары, ошондой эле кыймылсыз мүлккө карата укуктар тармагындагы мамлекеттик жана максаттуу программаларды иштеп чыгууга жана иш жүзүнө ашырууга катышуу;
  • мамлекеттик маалыматтык-каттоо ресурстарынын калыптандырылышын, сакталышын, пайдаланылышын жана коопсуздугун камсыздоо;
  • мамлекеттик маалыматтык-каттоо ресурстарынын калыптандырылышына жана өнүгүүсүнө катышуу;
  • программалык-техникалык комплекстердин, маалыматтык системалардын жана түйүндөрдүн, анын ичинде электрондук санариптик кол коюулардын иштеп чыгарылышын жана колдонууга киргизилишин камсыздоо;
  • мамлекеттик маалыматтык-каттоо ресурстары жана технологиялары тармагында техникалык регламенттерди иштеп чыгууга катышуу;
  • Кыргыз Республикасынын архивдик ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башкарууну жүзөгө ашыруу.

(он тогузунчу абзац КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №240 токтомуна ылайык күчүн жоготкон)

(жыйырманчы абзац КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №240 токтомуна ылайык күчүн жоготкон)

(жыйырма биринчи абзац КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №240 токтомуна ылайык күчүн жоготкон)

б) жөнгө салуу функциялары:

  • Кыймылсыз мүлккө карата укуктардын Бирдиктүү мамлекеттик реестринин базасында кыймылсыз мүлк боюнча Бирдиктүү геомаалыматтык системаны түзөт;
  • Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун, анын ичинде аны Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурасынын өзүнүн чек арасынан тышкары жайгашкан документтери менен дагы толтурулушун калыптандыруу;
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик реестрлерин түзөт, каттоодон өткөрөт, калыптандырат жана тейлейт;

в) координациялоо, көзөмөлдөө жана мониторинг функциялары:

  • ишкердикти жөнгө салат жана Кызматтын ведомство алдындагы түзүлүштөрүнүн, мекемелеринин, уюмдарынын жана ишканаларынын ишмердигине маалыматташтыруу, архив иши, калкты, автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулар курамын, жарандык абал актыларын, ошондой эле кыймылсыз мүлккө карата укуктарын каттоо тармактарындагы мамлекеттик жана максаттуу программалардын аткарылышы боюнча баа берет, мониторинг жүргүзөт;
  • Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча координациялык жана башка комиссияларды, жумушчу топторду түзөт жана алардын иш алып баруусуна катышат;
  • Кызматтын ишмердик чөйрөлөрүндөгү илимий-изилдөө, методологиялык, методикалык иштерди координациялайт;

г) кызматтарды көрсөтүүфункциялары:

  • жарандык абал актыларынын мамлекеттик катталышын жүзөгө ашырат;
  • Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эсепке алынышын жана катталышын жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди тариздейт, белгиленген тартипте визаларды берет, узартат жана жокко чыгарат, жашап туруу укугуна карата документтерди жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары убактылуу же туруктуу жашап туруу үчүн чыгып кетүү документтерин Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен макулдаштыруу боюнча тариздейт;
  • кыймылсыз мүлккө карата укуктарды жана чектөөлөрдү мамлекеттик каттоону жүргүзөт, кыймылсыз мүлккө карата укуктардын Бирдиктүү мамлекеттик реестринин ишин алып барат;
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жер кадастрын калыптандырат жана тейлейт, кадастрдык тартууларды жана кыймылсыз мүлк объектилерин калыптандырууну, ошондой эле кыймылсыз мүлк бирдиктерин техникалык тейлөөнү жүргүзөт, жер тилкесине карата укуктарын тастыктоочу техникалык паспортторду жана документтерди берет;
  • жер тилкелеринин натурада (жер-жерлерде) бөлүнүшүн жүргүзөт, юридикалык жактардын жана жеке адамдардын жер пайдалануу чектерин бекитет, ошондой эле айыл чарбачылыгына тиешелүү эмес муктаждыктар үчүн жерлерди бөлүштүрүү учурунда тайыр чарба өндүрүшүнүн жоготууларын, чыгымдарын жана алынбай калган пайдаларын эсептөөлөрдү жүргүзөт;
  • Юстиция министрлигинин кароосуна жер ресурстарын башкаруу жана жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу маселелерине тиешелүү болгон, анын ичинде жоготуулардын ордун толтуруу, мамлекеттик жерлерди пайдалануу тартиби жана жерлерди бир категориядан кэинчи категорияга которуу ченемдерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;
  • автомототранспорттук каражаттарды жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды жана окуу уюмдарынын окуучуларын каттоону жана кайра каттоону жүзөгө ашырат;

д) колдоо көрсөтүү функциялары:

  • өз компетенцияларынын чектеринде эл аралык макулдашууларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат, эл аралык долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууга катышат;
  • маалыматтык-каттоо продукттары, ресурстары, технология рыногунун, ошондой эле маалыматтык-каттоо системаларынын, түйүндөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүүгө катышат;
  • Кыргыз Республикасынын чектеш мамлекеттер менен мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процессине катышат;
  • электрондук өкмөттү иштеп чыгууга жана колдонууга киргизүүгө катышат;
  • Кызматтын кызыкчылыктарынын Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана сот органдарында өкүлчүлүгүн жүзөгө ашырат;
  • кыймылсыз мүлктөн салык алуу максаттарында кыймылсыз мүлккө баа берүүнү (кайра баалоону) жүзөгө ашырууга катышат;
  • башка мамлекеттик органдардын иш көзөмөлү алдында турган мамлекеттик маалыматтык-каттоо ресурстарын каттоо жана эсепке алуу ишмердигин уюштурат;
  • жарандардын жана уюмдардын маалыматтык-каттоо ресурстарына болгон кирүүсүн иш жүзүнө ашырууну камсыздайт;
  • айдоочулук курамды жана окуу уюмдарынын окуучуларын, автомототранспорттук каражаттарды жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, автомототранспорттук каражаттарды жана атайын технологиялык машиналарды башкарууга жана аларды тескөөгө карата укуктарга берилген ишеним каттарды эсепке алуу жанакаттоо, ошондой эле окутуудан өтүшкөн адамдардан автомототранспорттук каражаттарды жана атайын технологиялык машиналарды башкаруу укугуна карата экзамендерди кабыл алуу иш-чараларын камсыздайт жана ишке ашырат.

 

Өнөктөштөр