2017-жылдын 1-кварталында
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик каттоо кызматына
түшкөн жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча
маалымат
2017-жылдын 4-январынан баштап 31-мартка чейинки мезгилде Кызматтын дарегине жарандардан 257 кайрылуу түшкөн.
№ |
Маселенин мүнөзү |
2017-жыл |
1. |
Паспорт даярдоо жана берүү маселеси |
19 |
2. |
Жарандык алуу маселеси |
- |
3. |
Жашоого уруксат |
5 |
4. |
Жашаган орду боюнча каттоо маселеси |
4 |
5. |
Кызматтын борбордук аппаратынын жана ведомстволук түзүмдөрүнүн (Кадастр департаменти, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти, Транспорт каражаттарын каттоо департаменти, Архив агенттиги) кызматкерлеринин иш-аракеттерине даттануулар. |
44 |
6. |
Жер маселелери (кыймылсыз мүлктү каттоо, документтерди берүү, жер талаштары) |
108 |
7. |
Жарандардын сурамдары (дубликаттарды, укук тастыктоочу документтерди берүү) |
34 |
8. |
Жумушка орноштуруу, кызматына кайра калыбына келтирүү маселелери, эмгек талаштары |
13 |
9. |
Транспорт каражаттарын каттоо боюнча маселелер |
9 |
10. |
Материалдык жардам берүү, компенсация төлөө маселелери |
- |
11. |
Башка маселелер |
10 |
12 |
Жеке идентификациялык номерди ыйгаруу |
5 |
13 |
Шайлоо учурундагы которулгон маселелер боюнча |
6 |
Жалпы: |
257 |
Жогору турган органдардан, министрликтерден, администрациялык ведомстволордон түшкөн кайрылуулар, жарандардын жазуу түрүндөгү жана электрондук кайрылуулары
№ |
Органдын аталышы |
2017-жыл |
1. |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты |
20 |
2. |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты |
63 |
3. |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты |
8 |
4. |
Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору |
9 |
5. |
Электрондук билдирүүлөр |
28 |
6. |
Жарандардын жазуу жана түрүндөгү кайрылуулары |
129 |
|
Жалпы |
257 |
КР региондорунан жана КМШ өлкөлөрүнөн түшкөн
жарандардын кайрылуулары
Жыл |
Бишкек |
Чүй обл. |
Бат-кен обл. |
Жалал-Абад обл. |
Ысык-Көл об. |
Ош обл. |
Нар-ын обл. |
Та-лас обл. |
КМШ өлкөлөрү |
2017-жыл |
92 |
36 |
10 |
21 |
21 |
54 |
4 |
3 |
16 |
Эң көп сандагы кайрылуулар менен арыздар (67%) Бишкек шаарынан, Ош шаарынан, Чүй жана Жалал-Абад, Ысык-Кол облусунан түшкөн. Кайрылуулардын калган бөлүгү (33%) региондордон жана КМШ өлкөлөрүнөн келген. Мындай айырма жарандардын ички миграциясына байланыштуу болууда.
Бардык 257 кайрылуу контролго коюлган, анын ичинен: аткарылганы – 218 кайрылуу, өз мөөнөтүндө аткарылганы – 246 кайрылуу.
Жарандардын кайрылууларын кароонун жыйынтыктары боюнча:
оң чечилгендер – 29 кайрылуу;
арыз ээлерине түшүндүрмө берилди – 132;
арыз ээлерине жооптор берилди – 50;
тааныштырылды – 2;
терс чечилгендер – 9.
Жарандарды жеке кабыл алуу графигине ылайык кабыл алуу:
Жетекчинин ФАА |
Жалпы кабыл алынгандар |
Контролго алынгандар |
Мөөнөтүн бузуу менен аткарылган |
Аткарылбастан мөөнөтү өтүп кеткендер
|
Төрага Сарпашев Т.Д. |
3 |
3 |
- |
- |
Статс-катчы Шерипов Н.Т. |
- |
- |
- |
- |
Төраганын орун басары Догоев Д.Д. |
- |
- |
- |
- |
Төраганын орун басары ШамкановК.К. |
- |
- |
- |
- |
Төраганын орун басары Акишев К.С. |
- |
- |
- |
- |
Кайрылган жарандардын бардык маселелери боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү жана түшүндүрмөлөр берилди.
2017-жылдын 1-кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын “Ишеним телефонуна” түшкөн чалуулар боюнча маалымат:
2017-жылдын биринчи кварталында 1227 чалуу кабыл алынган, анын ичинен 27– даттануу, калган 1200 – маалымат алуу, ошондой эле 1994 – жылдын үлгүсүндөгү паспортторду алмаштырууга 60 жаштан жогору жаштагы жарандардан түшкөн буйрутмалар түздү.
Төмөнкү мүнөздөгү даттануулар кабыл алынды:
- Кызматкерлердин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусу, кызматкерлер тарабынан жарандарга орой жана этикага жатпаган мамиле жасоо;
- Кызматтын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүндөгү коррупциялык көрүнүштөр;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын документтештирүүнүн мөөнөтүн бузуу;
- Калккты тейлөө борборлорундагы кезек күтүү;
- 1994 – жылдагы үлгүдөгү паспортторду алмаштыруу боюнча буюрутмаларды берүү;
Ар бир даттануу боюнча кызматтык иликтөө жана текшерүүлөр жүргүзүлдү.
Жарандардын 1200 кайрылуусуна Кызматтын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн адистери маалымат мүнөзүндөгү түшүндүрмөлөрдү беришти жана 1994 – жылдын үлгүсүндөгү паспортторду алмаштырууга 60 жаштан жогору жаштагы жарандардан түшкөн буюрутмалар жашаган жеринен барып документтештирүү максатында мобилдүү топко берилди .
№ |
Бөлүнүштөр |
2017-жыл (биринчи квартал) |
1. |
Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти |
18 |
2. |
Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти |
1 |
3. |
Инфоком |
8 |
4. |
Сурап-билүү жана 1994 үлгүдөгү паспортторду алмаштыруу боюнча |
1200 |
Жалпы: |
1227 |