2017-жылдын II кварталында
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик каттоо кызматына түшкөн жарандардын
кайрылуулары менен иштөө боюнча маалымат
2017-жылдын 1-апрелинен баштап 30-июнуна чейинки мезгилде Кызматтын дарегине жарандардан 262 кайрылуу түшкөн.
Бардык 262 кайрылуу контролго коюлган, анын ичинен: 241 кайрылуу аткарылган, 21 – кайрылуунун аткаруу мөөнөтү жете элек., 230 кайрылуу өз мөөнөтүндө аткарылган, 3 кайрылуу белгиленген мөөнөтүн бузуу менен аткарылган.
№ |
Маселенин мүнөзү боюнча |
2017-жыл |
1. |
Паспорт даярдоо жана берүү маселеси |
35 |
2. |
Жарандык алуу маселеси |
4 |
3. |
Жашоого уруксат |
- |
4. |
Жашаган орду боюнча каттоо маселеси |
3 |
5. |
Кызматтын борбордук аппаратынын жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн (Кадастр департаменти, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти, Транспорт каражаттарын каттоо департаменти, Архив агенттиги) кызматкерлеринин иш-аракеттерине даттануулар. |
51 |
6. |
Жер маселелери (кыймылсыз мүлктү каттоо, документтерди берүү, жер талаштары) |
116 |
7. |
Жарандардын сурамдары (дубликаттарды, укук тастыктоочу документтерди берүү) |
24 |
8. |
Жумушка орноштуруу, кызматын кайра калыбына келтирүү маселелери, эмгек талаштары |
7 |
9. |
Транспорт каражаттарын каттоо боюнча маселелер |
6 |
10. |
Материалдык жардам берүү, компенсация төлөө маселелери |
1 |
11. |
Башка маселелер |
9 |
12 |
Жеке идентификациялык номерди ыйгаруу |
6 |
13 |
Шайлоо учурунда көтөрүлгөн маселелер боюнча |
- |
Жалпы: |
262 |
Жогоруда турган органдардан, министрликтерден, администрациялык ведомстволордон түшкөн кайрылуулар, жарандардын жазуу түрүндөгү жана электрондук кайрылуулары
№ |
Органдын аталышы |
2017-жыл |
1. |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты |
15 |
2. |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты |
71 |
3. |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты |
8 |
4. |
Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору |
11 |
5. |
Электрондук билдирүүлөр |
22 |
6. |
Жарандардын жазуу түрүндөгү жана электрондук кайрылуулары |
135 |
|
Жалпы |
262 |
КР региондорунан жана КМШ өлкөлөрүнөн түшкөн
жарандардын кайрылуулары
№ |
Региондун аталышы |
2017-жыл |
1 |
Бишкек шаары |
108 |
2 |
Чүй облусу |
42 |
3 |
Баткен облусу |
9 |
4 |
Жалал-Абад облусу |
19 |
5 |
Ысык-Көл облусу |
27 |
6 |
Ош облусу |
35 |
7 |
Нарын облусу |
10 |
8 |
Талас облусу |
6 |
9 |
КМШ өлкөлөрү |
6 |
|
Жалпы |
262 |
Эң көп сандагы кайрылуулар менен арыздар Бишкек шаарынан – 41% келип түшкөн. Кайрылуулардын калган бөлүгү (58%) региондордон жана КМШ өлкөлөрүнөн келген. Мындай айырмачылыкты жарандардын ички миграциясына байланыштырууга болот.
Жарандардын кайрылууларын кароонун жыйынтыктары боюнча:
оң чечилгендер – 31 кайрылуу;
арыз ээлерине түшүндүрмө берилди – 52;
арыз ээлерине жооптор берилди – 148;
тааныштырылды – 1;
терс чечилгендер –9.
Жарандарды жеке кабыл алуу бекитилген графикке ылайык жүргүзүлөт. Жеке кабыл алууну эсепке алуу карточкалык формада жүргүзүлөт. 2017-жылдын II кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын м.а. эки жаранды кабыл алган, тийиштүү чаралар көрүлүп, өз убагында түшүндүрмө берилди.
2017-жылдын II кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын “Ишеним телефонуна” түшкөн жарандардын даттануулары жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында (мындан ары – Кызмат) 2010-жылдын 25-мартынан баштап төмөнкү “ишеним телефону” ишке киргизилген:
- 0 (312) 62 41 40;
Чалууларды жана даттанууларды Кызматтын коомчулук менен байланышуу боюнча бөлүмүнүн адистери кабыл алып, каттайт.
“Ишеним телефону” аркылуу төмөнкү мүнөздөгү даттануулар кабыл алынат:
· Кызматкерлердин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусу;
· Кызматтын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүндөгү коррупциялык көрүнүштөр;
· Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун даярдоонун мөөнөтүн бузуу;
· Кызматтын түзүмдүк жана паспорт бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан жарандарга орой жана этикага жатпаган мамиле жасоо.
2017-жылдын экинчи кварталында берилген отчетко ылайык “Ишеним телефону” аркылуу 953 чалуу кабыл алынган, анын ичинен 53– даттануу, калган 900 – маалымат алуу мүнөзүндөгү кайрылуу болгон.
Ар бир даттануу боюнча кызматтык иликтөө жана текшерүү жүргүзүлдү, зарыл болгон кызматкерлерге тартиптик жаза чаралары колдонулду.
Жарандардын 900 кайрылуусуна бөлүмдүн кызматкерлери маалымат мүнөзүндөгү түшүндүрмөлөрдү беришти.
№ |
Бөлүнүштөр |
2017-жыл (экинчи квартал) |
1. |
Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти |
31 |
2. |
Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти |
- |
3. |
Транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо департаменти |
5 |
4. |
Маалымат кызматынын атайын борбору |
- |
5. |
Архив агенттиги |
- |
6. |
Инфоком |
17 |
7. |
Сурап-билүү |
900 |
Жалпы: |
953 |