Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119

Идентификациялык карта жөнүндө жалпы маалыматтар

Жарандын инсандыгын идентификациялык картанын жардамы менен тастыктоо үчүн смарт-картаны окугучтун бар болушу зарыл. Картанын маалыматтарын окуу үчүн, контакт окугучту сыяктуу эле, контактсыз ыкманы дагы колдонууга мүмкүн болот.

Азыркы учурда картадан маалыматтарды контактсыз окуу үчүн NFC функциясынын колдоосу менен смартфондун жардамы менен окуу режими тесттен өткөрүлүүдө.

Идентификациялык картанын чибинин мүмкүндүктөрүн колдонуу үчүн, мисалы, Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталында, Мамлекеттик сатып алуулар порталында же Интернет-банкингде авторизациялануу жана электрондук документке кол коюу үчүн, персоналык компьютерге идентификациялык картанын чибинен маалыматты алуу үчүн жеткиликтүүлүктүн атайын тиркемесин орнотуу зарыл.

Апвторизациялануу процесси жеке жашыруун кодду (пинкод) авторизациялануу максаттары үчүн eIDга салынган ачык ачкычтар инфраструктурасынын (PKI) базасында киргизүү жолу менен жүргүзүлөт.

МКК өз порталынын сервиси аркылуу ошондой эле сертификаттардын актуалдуулугун жана eID-картанын актуалдуулугун көзөмөлдөөгө алууну жүргүзүп турат.

Кызматтарды ташып жеткирүүчүлөр үчүн (мамлекеттик органдарга, коммерциялык банктарга жана башка кызыкчылыгы бар уюмдарга) смарт-картаны окугуч менен өз ара аракеттенишүү үчүн API пайдалануу үчүн техникалык талаптар берилет.

Идентификациялык картанын техникалык параметрлери

IC Chip

  • Combi chip (Contact + Contactless)
  • ISO/IEC 7816, 14443 A/B стандартына шайкештик
  • EEPROM: 144Kbytes
  • Common Criteria Certification EAL 5+

Чиптин операциялык тутуму (COS)

  • JK 21
  • Javacard 2.2.2 API
  • Visa GlobalPlatform 2.1.1.
  • Common Criteria Certification EAL 5+
  • Crypto  TDES, AES, RSA, ECC, SHA

Апплет eNID

  • e-NID Applet V1.0
  • JavaCard api 2.1.2 жана жогору

Апплет ЭЦП

  • Апплет (ЭСК жана авторизациялануу)
  • Крипто алгоритмдер: RSA, ECDSA, ГОСТ (программалуу).
  • JavaCard api 2.1.2 жана жогору

 

Идентификациялык картанын иштөө схемасы Идентификациялык картанын иштөө схемасы

 

Өнөктөштөр