Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 23/03/2016
  • Просмотров: 2580
«ЖААК» автоматташтырылган маалымат системасы 2015- жылы ымыркайларга  эн көп берилген  ысымдарды аныктады.

2015-жылдын экинчи жарымынан тартып - КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматы өлкө боюнча, «ЖААК» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке киргизди.

Эскерте кетсек, «ЖААК» автоматташтырылган маалымат системасы - Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүүнүн негизги компоненти болуп саналат.

Так ушул ЖААК органдарында  адам  төрөлгөндөн баштап жашоосунун бүт маанилүү учурларын каттоо  жүргүзүлөт. «ЖААК» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке киргизилгенинин натыйжасында жарандык абалдын документтерде камтылган маалыматтарды деталдаштыруу мүмкүнчүлүгү пайда болду.

 «ЖААК» автоматташтырылган маалымат системасына жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгында 2015- жылы ымыркайларга  эн көп берилген  ысымдар.

Ымыркайларга берилген ысымдар жана саны:

 

1. Умар 1046

 

2. Айбийке 765

 

3. Раяна 736

 

4. Арууке 699

 

5. Алинур 638

 

6. Нурислам 618

 

7. Амина 554

 

8. Али 553

 

9. Сумая 533

 

10. Алихан 481

Өнөктөштөр