Жарыяланган 28/03/2016
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жарандардын ыңгайлуулугун камсыз кылуу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында электрондук кызмат порталынын ( e.srs.kg ) негизинде Android иштетүү системасында иштеген мобилдик аппараттар үчүн мобилдик колдонмону иштеп чыкты.
Бул колдонмо смартфон колдонуучулары үчүн акысыз, бар болгону PlayMarket тиркемесинен « МКК Электрондук кызматы» колдонмосун жүктөп алуу жетиштүү. Кийинки кадам, каттоодон өтүү, андан соң кызмат алуу үчүн электрондук арыз , же МКК көрсөткөн кызматтар боюнча зарыл болгон бардык маалыматтарды издөө жана алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.