Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 17/05/2016
  • Просмотров: 2139

17-майда КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев Бишкек шаарынын Тынчтык проспектиси-95 дарегинде (эски аэропорттун имараты) жайгашкан Бишкек шаардык Калкты тейлөө борборунун түндүк филиалын күтүлбөгөн жерден текшерүүгө алды.

Мамкаттоо кызматынын төрагасы Калкты тейлөө борборунун иштерин - сүрөткө тартуу жана ксерокөчүрүү кызматтарынан баштап паспортту берүүсүнө чейин текшерүүгө алды. Тайырбек Сарпашев фотографтардын ишинде илээндилик бар экенин белгилеп, алардын чалагайымдык иштеринен кезек күтүү пайда болуп кетпеш үчүн ага көз салып турууну аталган борбордун жетекчилигине тапшырды.

Андан соң VIP-бөлмөлөрдүн иштери текшерилди. VIP-бөлмөлөрдүн иштөө принциптери болуп төмөнкүлөр саналат: жаран 500 сомду официалдуу түрдө кассага төлөйт да, VIP-бөлмөдө күтүп турат. Калкты тейлөө борборунун кызматкери ал үчүн керектүү маалым каттарды чогултуп, бардык бланкаларды толтуруп берет. Жыйынтыгында жаран ага зарыл болгон кызматты аз убакыттын ичинде бүтүрө алат. Сарпашев VIP-бөлмөлөрдүн начар иштеп жаткандыгын, бул боюнча жарандардын маалыматы жок экендигин белгиледи. “Калкты тейлөө борборунун имаратына кирерибиз менен дароо көзгө урунгудай жерлерде VIP-бөлмөлөрдүн кызматтары жана 2 сааттын ичинде даяр болчу паспорт тууралуу жазылуу болушу керек. Кызматтын бул түрүнө суроо-талаптар дайыма бар, ошондуктан жарандарга бул боюнча маалыматты так, туура жеткирүү керек. Андан соң биринчи жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчёт тапшырылсын»,- деди Сарпашев Калкты тейлөө борборунун жетекчилигине кайрылып.

Ленин райондук паспорттук-визалык жана каттоо кызматтары бөлүмүнүн иштерин текшерүү учурунда аталган бөлүмдө өз жумушу менен барган жаран Александр Выродов Мамкаттоо кызматынын төрагасына аталган борбордун кызматкерлеринин чалагайымдыгын айтып арызданды. Анын айтымында, үйлөнгөн соң аялы анын фамилиясына өткөн жана буга байланыштуу жаңы паспорт алган. “4-апрелде жакында төрөлгөн балама күбөлүк алуу үчүн өзүмдүн атымдан арыз жазып, бардык керектүү документтерди кошуп тапшыргам. Күбөлүктү бир айдын ичинде аларымды айтышкан, бирок андан бери бир айдан көп убакыт өттү, дагы деле күбөлүк ала албай келем. Паспорт стол кызматкерлери аялымдын фамилиясы базада дагы деле эски боюнча экендигин айтып жатышат. Эгер базаны жаңылашпаган болсо, мен күнөөлүү эмесмин да. Бүгүн үчүнчү жолу келдим, бирок эч ким менин арызыма көңүл бурууну да каалашпайт”,- деди Александр Выродов Мамкаттоонун төрагасына кайрылып.

Бул факт боюнча Тайырбек Сарпашев өзүнүн орун басары Камчыбек Акишевге кызматтык иликтөө жүргүзүүнү жана маалымат базасы эмне себептен жаңыланбай калганын иликтеп, административдик жоопкерчиликке тартууну тапшырды. 

Өнөктөштөр