Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 23/05/2016
  • Просмотров: 2974

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жыйындар залында мамлекеттик архив кызматынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына арналган  " Илим жана маданиятты өнүктүрүүдөгү  архивдин ролу" аталыштагы  эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференциянын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы алдындагы Архив агенттиги болду.


Конференцияга    Кыргыз Республикасынын  Улуттук илимдер академиясынан илимпоздору, Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын  өкүлдөрү,  Жогорку окуу жайларынын  окутуучулары, архив кызматкерлери, ошондой эле Кытайдан жана Туркменистандан  чет өлкөлүк коноктор бардыгы болуп 400 дөн ашык адам катышты.

Иш чараны   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев, Архив агенттигинин директору Орунбай Ахмедов, Кыргыз Республикасынын  Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти жана гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмүнүн төрагасы Абдылдажан Акматалиев куттуктоо  сөз  менен ачышты. Өз сөзүндө каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев архив кызматынын  түзүлгөндүгүнүн 90-жылдыгы менен куттуктап жана архив ишинин  маанилүүлүгүн жана бул тармактын Кыргыз Республикасынын бардык чөйрөлөрү үчүн мааниси чон экендигин  баса белгиледи."Өкмөт архивдин өнүктүрүүгө  өзгөчө көңүл бурат. Ушул жылдын 8-апрелинде  Россия Федерациясынын мамлекеттик думасынын төрагасы Сергей Нарышкиндин Кыргызстанга болгон  иш сапарынын учурунда  мен Россия Федералдык архив агенттигинин жетекчиси Андрей Артизовым менен жолугуштум. Жолугушуунун жүрүшүндө архивистер  үчүн окутуучуу  семинарларды жана тренингдерди өткөрүү жөнүндө макулдашууга жетиштик.Ошондой эле биз Росархивдин  колдоосу менен архив фондун маалыматтык системасын башкаруу жана Борбордун архивдик документтерди электрондук вариантка өткөрүү маселелерин талкууладык» - деп билдирди Тайырбек Сарпашев.

Орунбай Ахмедов тарых жана маданиятты  изилдөөдө  архивдик ресурстар эн маанилүү жардам көрсөтүшөөрүн белгиледи.«Бизге өлкөдө  архив тармагын өнүктүрүү өтө  зарыл. Мен бүгүн конференцияга катышкандардын бардыгына терен ыраазычылыгымды билдирем. Архив ишин  өнүктүрүүнү колдогондугунуздарга чон  рахмат!», - деп ыраазычылыгын билдирди Архив агенттигинин башчысы.

Андан соң өзүнүн пленардык докладдары менен  Кытай Эл Республикасынын Ички Монголия университетинин тарых илиминин доктору профессору Ван Жие («Байыркы кыргыздар алардын ата теги жана жердеген жери жөнүндө» – темасы боюнча );  филология илимдеринин доктору Макелек Өмурбай уулу  (Синьцзян-Уйгур автономдуу району) («Кытай архивинде сакталган  кыргыз китеби» - темасы боюнча); Түркмөнстан Министрлер кабинетинин алдындагы Мамлекеттик архивинин  Ахалский велаят Башкы архивинин директору О.Р. Джумаева («Архив материалдарын тарыхый изилдөөлөрдө колдонуу» – темасы боюнча );  Махмуд Кашкари-Барскани Чыгыш Университетинин профессору тарых илиминин доктору А.С. Ормушева (« Архивдик документтердеги маалыматтардын эл аралык мамилелерди изилдөөлөрдө колдонуу» -  темасы боюнча) ж.б.

Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар «Кыргыз Республикасынын Архивинин  90 жылдыгына » арналган фотодокуменнтер көргөзмөсү менен тааныштык. Конференциянын жыйынтыгы боюнча материалдар жыйнагы чыгарылмакчы. Баса белгилей кетсек, бул иш чара Кыргызстандагы тарых илимин  өнүктүү боюнча комиссиясы тарабынан белгиленген   Маданият жана тарых жылына да арналды.
   

 

Өнөктөштөр