Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 15/05/2016
  • Просмотров: 2044

23 шайлоо участкалары боюнча  шайлоочулардын тизмесин 31 миң 205 жаран түздү . Аталган участкаларда 58 жабдык орнотулуп шайлоочуларды идентификациялоо боюнча 85 оператор иштеп жатат.

Эске салсак, бүгүн, 15-майда Ош облусунун Өзгөн жана Араван райондорунда, Нарын облусунун Жумгал районунда жана Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө.

 

Ысык-Көл районунда Булан-Сөгөтү (№3033) жана Корумду (3034), Жумгалда Чоң-Дөбө (4107), Өзгөн районунда 9 жана Араван районунда 11 шайлоо участкаларында шайлоо өтүп жатат.

Азырынча шайлоо участкаларында техникалык катачылыктар байкала элек. Шайлоо өтүп жаткан бардык райондордо техникалык суроолор боюнча Мамкаттоонун адистери иш жүргүзүшүүдө.

Өнөктөштөр