Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 10/08/2016
  • Просмотров: 2025

     Паспорт алуу үчүн документ беришкен жарандар жана бардык кызыкчылыгы бар уюмдар МККнын Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынан онлайн режимде паспорттун даяр болушун, жарактуулугун же жараксыздыгын текшере алышат.

      Бул кызмат көрсөтүү «Инфоком» МИси тарабынан иштелип чыккан «Улуттук паспорттордун мамлекеттик реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасын («УПМР» АМС) ишке киргизүүдөн улам мүмкүн болуп калды.

       «УПМР» АМСсы жарандардын паспорттору боюнча бардык актуалдуу маалыматтарды камтып турат, бул паспорттун жарактуулугун бардык кызыкчылыгы бар адамдарга жана уюмдарга текшерип туруу мүмкүндүгүн бере алат. Бул кызматты колдонуу чөйрөсү: документтин макамын жарандардын кирүү жана чыгуу учурунда, финансылык бүтүмдөргө келишүүдө, банктарда кредиттерди берүү учурунда, ишке кабыл алууда ж.б. учурларда текшерүү.

     Ошондой эле паспорттун даяр болуусун Калкты тейлөө борборлоруна келбестен билүүгө мүмкүндүк бере турган паспорттун даярдыгын текшерүү функциясы ишке ашырылган. Бул кызмат көрсөтүүнү КТБларда жана паспорт столдорунда ийгиликтүү ишке киргизилип жана иштетиле баштаган «Паспорт» АМСсынын алкактарында ишке ашырууга мүмкүн болду. Түйүндүк телефонунун номерин көрсөткөн шарттарда, паспорттун даярдыгы тууралуу маалымат, автоматтык түрдө смс-билдирүүлөрдүн жардамы менен паспорт ээсинин түйүндүк телефонуна жөнөтүлөт.

      Бул кызматтан, 2015-жылдын ноябрь айында жарандардын ыңгайлуулуктары жана тейлөө ыкчамдыгын жогорулатуу, калкты документтештирүү жана каттоо жөнүндө маалыматты берүү үчүн иштетиле баштаган МККнын Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынан колдонууга болот.

Өнөктөштөр