Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 02/09/2016
  • Просмотров: 3876
МКК паспортторду даярдоо жана персоналдаштырууга кеткен чыгымдарды эсепке алуу менен паспорттун даярдалышынын  өздүк наркынын калькуляциясын карап чык

 

      Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын  жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун жана Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун (ЖЖП) даярдоо жана персоналдаштырууга кеткен чыгымдарды эсепке алуу менен паспорттун даярдалышынын  өздүк наркынын калькуляциясын карап чыкты. Буга чейин  паспорттун баасы  евронун курсуна көз каранды экендигин белгилеп кетүү керек. Анткени чыгымдалуучу материалдар евро курсу менен сатылып алынчу. Азыркы учурда улуттук валютада  паспорттун баасынын прейскурантын  туруктуу негизде  берүү максатында, мурдагыдай евронун  курсунан көз каранды болуп баанын  болжолдуу жана туруксуздугун жокко чыгаруу үчүн,  МКК бланкалык продукциянын  баасы  сомго өткөрүлдү жана бекитилди. Эми евронун курсунан көз каранды болбостон, ID-карта үчүн чыгымдалуучу  материалдардын наркы  99 сомду, ЖЖП -302 сомду түзөт.

       Чыгымдалуучу материалдардан тышкары, паспортторду  даярдоо жана персоналдаштыруу кызматтары да кошумча төлөнөт.Паспорттун эки түрүн даярдоо жана персоналдаштыруу жол-жобосу бирдей болгондугуна карабастан,  мурда  ID-картаны  даярдоо 20 сомдун тегерегинде болчу, ал эми  жалпы жарандык паспортту персоналдаштыруу (чет өлкөлүк паспорт) 250 сомго жакын  болчу. ID-картанын жана ЖЖП персоналдаштыруунун бул баасы бекитилген жана  10 жылдын аралыгында өзгөрүлгөн эмес. Паспортторду  даярдоо жана персоналдаштыруу үчүн  мурунку баанын өлчөмү  2006-жылы Кыргыз Республикасынын Премьер – министринин  тескемеси менен бекитилгендигин жана 10 жылдын аралыгында  кайра каралбагандыгын белгилеп кетүү зарыл.

        Бул каражаттар жалпы негизде паспортторду даярдоо жана персоналдаштырууга кеткен  каражаттарды дагы жапчу эмес. ушуга байланыштуу шашылыш документтештирүүдөн алынган  каражаттар жалпы негиздеги паспорттоштурууга субсидияланган, буга Кыргыз Республикасынын   Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан “Жөнгө салынуучу кызматтардан (шашылыш документтештирүү) келип түшкөн  кирешелердин эсебинен  жалпы негизде  калкты  паспорттоштурууну субсидиялоону ишке ашыруу бөлүгү "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 6-пунктунун  талаптарына  карама-каршы  келет.

         Жыйынтыгында, 2016-жылдын 1-августунда Кыргыз Республикасынын  Премьер-министринин 2006-жылдын 9-февралындагы №90 тескемеси  жокко чыгарылды жана 2016-жылдын 1-сентябрынан баштап Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортторун даярдоо жана персоналдаштырууга  жаңы баалар  киргизилди. Паспортту даярдоонун жаңы баасы бирдей 290 сом болуп бекитилди.  Бул баа кызматкерлердин эмгек акысын төлөө жана   социалдык камсыздандырууга чегерүү, электр энергияга чыгымдар, жабдыктарды амортизациялоо, ижараны төлөө, атайын корреспонденцияны жөнөтүү ж.б. сыяктуу паспортторду даярдоодо фактылай чыгымдарды эсептөөдөн келип чыкты. Кыргыз Республикасынын  жаранынын паспортун  алуу үчүн  нарк - ID-карта үчүн  270 сомго, жалпы жарандык паспорт 40 сомго жогорулады, ал өздүк наркынын чыгымдарына  ылайык келет.

         Бардык эсептөөлөр тутумдук коррупцияны  демонтаждоо боюнча коррупцияга каршы  планга жана мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартибин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2013-жылдын 18-февралындагы №83 токтомуна ылайык  жүргүзүлдү.

Төмөнкү  таблицада КР жаранынын паспортунун наркынын  түзүлүшү  боюнча маалымат көрсөтүлгөн

 

КР жаранынын 2004-жылкы үлгүдөгү паспорту (ID – card)

Жарандардын

категориялары

Паспорт

тун бланкасы

Даярдоо кызматы

Арыздын бланкасы

Мамлекеттик төлөм

 

Банк комиссиясы (болжол менен)

Жаны бекитилген баа сом менен

Кыргыз республикаынын жаранынын паспортун жарандын 16 жашка чыгышы боюнча биринчи жолу алуусу

99

290

 

8,5 сом

 

0 сом

20

417,5

Кыргыз Республикасынын паспортун жарандын аты-жөнүн, жашаган жерин, улутун өзгөртүү жана каталарын ондоо боюнча алмаштыруусу

99

290

 

8,5 сом

 

30 сом

20

447,5

Кыргыз республикаынын жаранынын паспортун  жараксыз болгондо же жоголгондо калыбына келтирүү

99

290

8,5 сом

100 сом

20

517,5

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 2006-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорту

Категории граждан

Паспорт

тун бланкасы

Даярдоо кызматы

Арыздын бланкасы

Мамлекеттик төлөм

Банк комиссиясы (болжол менен)

Жаны бекитилген баа сом менен

Жалпы жарандык паспортту биринчи жолу алуу

302

290

8,5 сом

0-сом

20

620,5

 

Жалпы жарандык паспортту алмаштыруу

302

290

8,5 сом

 

60-сом

20

680,5

Аты-жөнүн, улутун өзгөртүү боюнча жалпы жарандык паспортту алмаштыруусу

302

290

8,5 сом

100-сом

20

720,5

Жалпы жарандык  паспортту  жараксыз болгондо же жоголгондо калыбына келтирүү

302

290

8,5 сом

200-сом

20

820,5

 

 

Өнөктөштөр