Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 21/04/2017
  • Просмотров: 6274

2017 – жылдын 19 – апрелинде Мамлекеттик каттоо кызматынын коомдук кеңешинин кезектеги отурумунда, Инфоком мамлекеттик ишканасынын презентациясы көрсөтүлдү. Коомдук кеңештин отурумунда кеңештин мүчөлөрү жана Кызмат тарабынан коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу кызматкердин милдетин аткаруучу У. О. Мусаханов, Инфоком мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары А. М. Мамбеталиев жана ишкананын юристи М. Исаевдер катышты.

 Докладды талкуулоонун жүрүшүндө, КТБлардагы санитардык- техникалык абал  жана өрт коопсуздугу боюнча, 119 call-борборунун ишинин сапаты, жаңы киргизилип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык паспорттору, автоунааларга берилип жаткан мамлекеттик номерлердин жасалышы жана сатылышына байланыштуу суроолор берилди.

Инфоком ишканасынын жетекчилигине стратегиялык, коомдук маанидеги маанилүү маселелерди чечүүдө  сапаттуу чечим кабыл алуу, акча каражаттарын үнөмдүү пайдалануу, көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жакшыртуу боюнча сунуштар берилди.   

 

Өнөктөштөр