Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 26/05/2017
  • Просмотров: 2058
КТБлардын жетекчилери менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү

Бүгүн, 26-майда «Инфоком» мамлекеттик ишканасында Калкты тейлөө борборлорунун жетекчилери үчүн жумушчу жолугушуу жана тестирлөө өткөрүлдү. Аталган иш-чара «Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыгарылган инновациялык тутумдарды жер-жерлерде сунуштоочу жана алардын эксплуатациялануусуна жооп берүүчү борборлордун жетекчилеринин билим деңгээлин аныктоо максаттарында уюштурулган.

Бардыгы болуп аталган иш-чарага бүткүл республиканын аймагында жайгашкан борборлордун 9 жетекчиси жана 5 улук оператору катышышты. Тестирлөө жетекчилердин укуктук жана техникалык билимдерин жакшыртуу максаттарында туруктуу негизде өткөрүлүп турмакчы.

Ошондой эле жолугушууда электрондук паспорттор жана технологиялык жаңылыктар, ошондой эле аларды колдонуу потенциалы, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар, идентификациялоо процесси жана шайлоо процессиндеги шайлоочулардын тизмесин түзүү боюнча маселелер талкуланышты.

Калкты тейлөө борборлору бир аз мурун убакыттан бери анда паспорт, каттоо, жашаган жерин каттоо жана ЖААК бириктирилишкен «бирдиктүү терезе» принциби боюнча кызматтарды сунушташууда. Өткөн жылдын акырынан тартып жаңы форматка алып чыгуу боюнча иштер активдүү жүргүзүлүүдө. Борбор борборлоштурулган маалыматтык пункт гана эмес, кызматтарды сунуштоо маселесине карата, конкреттүү практикалык жыйынтыктарга жетишүүгө кеңири ыкмада негизделген, жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболор, жакшыртылган өз ара аракеттенишүү жана маалыматтарды эсепке алуунун интеграцияланган тутуму катары уюштурулмакчы.

Өнөктөштөр