Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 13/07/2017
  • Просмотров: 2262
МКК: Паспорт алуунун акысын төлөм терминалы же электрондук капчык аркылуу төлөөгө болот

        Кыргызстандын жарандары мындан ары паспорт үчүн электрондук капчык же төлөм терминалы аркылуу төлөй алышат. Калкты тейлөө борборунда “Инфоком” мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыккан электрондук төлөм тутуму (электрондук биллинг) ишке киргизилди.

 Эми кассага кезек күтүп туруу зарылчылыгы жок, паспорт алууга тиешелүү кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын «TeremPay» терминалы же «Элсом» электрондук капчыгы аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү КТБга келген жарандар үчүн кошумча ыңгайлуулук экендиги талашсыз. Паспорт алууга документтер толтурулуп бүткөндөн кийин оператор жаранга кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдүн кодун берет, ага паспорт алуудагы кызмат көрсөтүүлөрдүн баарынын төлөм акысы киргизилген.

Төлөөнү жүргүзүү үчүн алынган кодду терминалга же электрондук капчыкка киргизүү керек, жүргүзүлгөн төлөм боюнча маалымат автоматтык түрдө чыгарылат, бул документтерди кабыл алуу процедурасы аяктаганын тастыктайт жана документтерди автоматтык режимде паспорт даярдоо үчүн жиберүүгө мүмкүндүк берет.

        Терминалда ашкан акчаны кайтарып берүү функциясы каралган, бул үчүн төлөп жаткан убакта ашкан акча которула турган уюлдук телефондун номерин көрсөтүп коюу зарыл.

        Бүгүнкү күнү ири шаарлардагы беш КТБга терминалдар тесттик режимде орнотулду, келечекте аталган кызмат көрсөтүү бардык региондордо жеткиликтүү болот, алар аркылуу паспорт менен катар ЖААК, каттоо, каттоодон чыгуу, чет өлкөлүктөрдү каттоо, жарандык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын төлөөгө болот.

Төлөм терминалдары менен өз ара аракеттенүүчү электрондук тутум Накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программанын жана МКК тутумундагы тутумдуу коррупцияны жоюу боюнча иш-чаралардын алкагында, Кыргыз Инвестициялык Кредиттик Банкы (KICB) жана «TeremPay» терминалдар тармагы менен тыгыз кызматташтыкта “Инфоком” мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыкты.

 

 

Өнөктөштөр