Бүгүнкү күндөн тартып Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо департаментинин бардык аймактык бөлүмдөрүндө жаңы “Транспорт каражаттарынын жана айдоочулардын курамынын регистри” автоматташтырылган маалыматтык тутуму ишке киргизилди. Жаңы тутум транспорт каражаттарынын жана айдоочулардын курамынын бирдиктүү актуалдаштырылган маалыматтык базасын түзүүгө жана онлайн режиминде автоматташтырылган түрдө эсепке алууну жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Жаңы программа уурдалган, камак коюлган жана насыяга күрөөгө коюлган транспорт каражаттарынын базасында бар же жок экендигин реалдуу убакыт режиминде текшерүүгө мүмкүндүк берет. Программанын негизги жаңычылдыктарынын бири – транспорт каражатына идентификациялык номер ыйгаруу. Мындай номер берүү операторлордун жарандарды тейлөөдөгү ишин жеңилдетет жана базадан издөө иштерин жөнөкөйлөштүрөт. Жаңы программа аркылуу жарандын катталган ордунан жана транспорт каражатынын эсепке коюлган жеринен көз карандысыз тейлөө мүмкүнчүлүгү пайда болот.
Жаңы программа башка мамлекеттик органдардын (ИИМ, МСК, Юстмин, МБК) маалыматтык тутумдары менен интеграцияланат.
Азыркы убакта ЕАЭБ алкагында транспорт каражаттарына электрондук паспорт ыйгаруу боюнча кошумча функция менен жаңы программаны адаптациялоо боюнча иш жүрүп жатат.