Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 29/06/2017
  • Просмотров: 1752
Президенттик шайлоодо ID жана EID-паспорттордун аралаш эсептегичтери колдонулат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) төрагасы Дастан Догоев Ысык-Көл облусунда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү боюнча МККнын ведомстволук штабынын отурумун өткөрдү.

МКК төрагасы алдыда турган президенттик шайлоо жарандарды биометрикалык идентификациялоо кымасын колдонуу менен өткөрүлгөн алтынчы шайлоо болоорун белгиледи. “Президенттик шайлоого карата шайлоочуларды идентификациялоо программасынын айрым функциялары жеткире иштелип чыгат. Жалпысынан кандайдыр-бир олуттуу жаңылык киргизүүнү пландаган жокпуз. Донорлордун колдоосу менен сатып алынган аралаш эсептегичтер колдонулат, ошондой эле ар бир шайлоо участогуна биометрикалык фотосүрөт боюнча идентификациялоо үчүн бирден фотокамера колдонулат. Аралаш ридерлер эски паспорт менен катар жаңы паспорттордун дагы MRZ-зонасын окуй алат”, - деп билдирди Д. Догоев.

Төрага ошондой эле райондук штабдардын жетекчилерине жер-жерлерде биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган жарандарга биометрикалык каттоодон өтүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө тапшырма берди.

Ошондой эле райондук штабдардын жетекчилери 250 адамдан турган техникалык колдоо адистеринен жана шайлоочуларды идентификациялоо үчүн операторлордон турган топту түзүүгө тапшырма алышты.

Өнөктөштөр