Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 25/07/2017
  • Просмотров: 2355
Мамлекеттик каттоо кызматы биометриялык маалыматтарды чогултуу боюнча мобилдүү топтордун ишин убактылуу жандандырат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарына болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча кеңешме өткөрдү.

Жумушчу сапардын алкагында калкты тейлөө борборлорунун, жарандык абалдын актылары бөлүмдөрүнүн, паспорт бөлүмдөрүнүн жана унааларды жана айдоочуларды каттоо бөлүмдөрүнүн иши текшерилди.

Төрага ведомстволук түзүмдөрдүн кызматкерлерин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү сапаттуу берүүгө жана жарандарга орой мамиле кылбоого үндөдү.  “Мен сиздерди түшүнөм, калк менен иштөө оңой эмес. Бирок, жаранга кайра-кайра түшүндүрсөңүз дагы болбой эле түшүнбөй жатса, мындай учурда дагы орой мамиле жасабоого аракеттениңиздер, эң жакшысы бир бир-эки мүнөт кеңседен чыгып, таза аба менен дем алыңыздар”, - деди Д. Догоев.

Жергиликтүү бийликтер менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө шайлоочулардын тизмелерин тактоо, жарандардын биометриялык маалыматтарын топтоо жана калктын арасында шайлоочулардын тизмелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгында биометриялык маалыматтарды чогултуу боюнча мобилдүү топтордун ишин убактылуу жандандырууга тапшырма берилди. “Кыргызстандын 3 миллион жараны биометриялык маалыматтарын тапшырганына карабастан, алигиче ар кандай себептер менен биометриялык каттоодон өтпөй калган адамдар бар. Биометриялык каттоодон өтпөгөн жаран шайлоочулардын тизмесине киргизилбейт. Ошондуктан жергиликтүү бийликтер менен бирге биометриялык каттоо жүргүзүү үчүн ар бир районго бирден комплект жабдуу жөнөтүү зарыл. Мобилдүү топтор 5-августан 30 сентябрга чейин иштеши керек”, - деди Д. Догоев.

 

 

Өнөктөштөр