Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев Нарын жана Ысык-Көл облустарына болгон иш сапарынын жүрүшүндө жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен жолугушуп, шайлоочулардын тизмеси боюнча маектешти.
Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнөн ар бир жаран шайлоочулардын тизмесинен өзүн тактап алышы керек экендигин калк арасына жайылтууну суранды.
«Ушул жумада Борбордук шайлоо комиссияына шайлоочулардын тизмеси өткөрүлүп берилет. Шайлоочулар тизмеси илингенден кийин жарандар өздөрүн төрт ыкма менен текшерип алышса болот. Бул шайлоо участкаларынан, www.shailoo.srs.kg расмий сайтынан; Кызматтын колл- борборунун 119 номери аркылуу; ошол эле 119 номерине жеке идентификациялык номерин жазып, смс-билдирүү жөнөтүү аркылуу, смс-билдирүү жөнөтүү шайлоочулардын тизмесинен тактоонун эң жөнөкөй ыкмасы жана калк арасында көп колдонулууда», - деп билдирди Догоев.
Жолугушуунун катышуучуларынын “эмне үчүн шайлоочулардын тизмесинде каза болгон жарандар да кездешип жатат?” деген суроосуна Дастан Догоев төмөндөгүчө жооп берди: «Биринчи жарым жылдыкта каза болгон 1800 жаран боюнча маалымат катталып, алардын жакындарына «Өлгөндүгү тууралуу күбөлүк» берилип, шайлоочулардын тизмесинен чыгарылган. Каза болгон жарандардын жакындары ЖААК органдарына кайрылып, каттоо жүргүзүлгөндөн кийин гана каза болгон жарандар тизмеден чыгарылат».