Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 13/09/2017
  • Просмотров: 2193
«Таза Коом» улуттук долбоорунун алкагында ишке берилүүчү  маалыматтык күркөлөр

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Чүй обласынын Сокулук районундагы маалыматтык күркөлөрдү орнотуу иштеринин жүрүшүн текшерди.

«Таза Коом» долбоорунун алкагында,  үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын башынан тартып өлкөбүздүн бардык аймактарындагы  «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын 434 байланыш бөлүмүндө маалыматтык күркөлөр иштеп баштайт.

Кийинки жумада маалыматтык күркөлөрдү тестик түрдө ишке киргизилээрин, долбоордун ишке кириши менен шаардагы, областтык, райондук калкты тейлөө борборлорунун иши женилдээрин жана азыркы учурда маалыматтык күркөлөрдө кызмат көрсөтүүчү операторлор окутулуп жатканын Кызматтын төрагасы Д. Догоев билдирди.

Маалыматтык күркөлөрдү ишке киргизүүгө керектелген жабдууларга кеткен 5 миллион 600 мин доллар Япония Өкмөтү тарабынан грант түрүндө каржыланды.

  

Өнөктөштөр