Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 22/09/2017
  • Просмотров: 1991

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы мектеп окуучуларынын арасындагы «ТУУЛГАН ЖЕРДИН СУЛУУЛУГУ» темасындагы ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАК өткөрөт. Сынак өсүп келе жаткан муунду мекенчилдик жана нравалык тарбиялоо максаттарында, ошондой эле аларды чыгармачылык өнүктүрүү жана таланттуу балдарга колдоо көрсөтүү максаттарында өткөрүлүүдө.

Сынакка 1-6-класстардын (кенже топ) жана 7-11-класстардын (улук топ) окуучулары катыша алышат.

Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:

  • Тиричилик буюмдары
  • Улуттук кийимдер
  • Архитектура
  • Элдик кол өнөрчүлүк жана ишкердик
  • Улуттук ашкана
  • Туулган жердин музыкасы
  • Туулган жердин жаратылышы

Сынакка катышуу үчүн иллюстрацияланган чыгармачылык иштер, фотосүрөттөр, аудио- жана видефайлдарды сүрөттөө бөлүгү менен берүү керек. Номинацияны жана чыгармачыл иштин түрүн берилгендерден тандоо автордун каалоосу боюнча.

Билим берүү мекемесинен чектелбеген билдирмелер саны жөнөтүлүшү мүмкүн. Бирок бир сынак ишин бир гана окуучу аткара алат, анын бир гана жетекчиси болот.

Катышуучулар акчалай сыйлыктар, демилге берүүчү сыйлыктар жана дипломдор менен сыйланышат.

Катышуучуларды даярдаган бардык окутуучулар (кураторлор, долбоорлордун жетекчилери) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Ыраазычылык каттарын алышат.

Билдирмелерди каттоо жана сынакка материалдарды кабыл алуу 2017-жылдын 22-сентябрынан тартып 20-октябрына чейин республика боюнча бардык Калкты тейлөө борборлорунда (ЦОН) жүргүзүлөт. Жыйынтыктар «Инфоком» МИнин сайтына 2017-жылдын 06-ноябрында жайгаштырылат.

Сынак ишине карата коюлуучу талаптар боюнча кененирээк маалыматты https://infocom.kg/ сайтынан көрүүгө мүмкүн болот.

Сынактын Уюштуруу комитетинин контакт маалыматтары:

Электрондук почта: konkurs@srs.kg

Контакт телефону: 0 312 98-61-90 (кошумча. 311, Жусупова Назира)

Өнөктөштөр