Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 24/09/2014
  • Просмотров: 3018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы Ош шаарынын Калкты тейлөө борборунда (КТБ) болуп өткөр өрт тууралуу кеңири маалымдайт.

Үстүбүздөгү жылдын 22-сентябрында эртең мененки саат 07-00дөТүштүк филиалдын КТБсынын (Ош ш, Ленин көч., 318 дареги боюнча жайгашкан) имаратында 4 кв.м. өлчөмүндөгү жеңил ичке жыгач конструкциясынын шыбында анча чоң жмес тутатуу болуп кеткен.

Өрткө каршы кызматтын кызматкерлеринин өрт-техникалык экспертизасынын берилген актына ылайык, тутануунун себеби болуп кыска учурга зымдардын биригишип калуусу эсептелет.

Бул окуя, азыркы күндө мамлекеттик  мекемелердин көпчүлүк имараттары эски конструкцияларда жайгашып, аларда электр зымдары, ошондой эле башка инфраструктура айласыз абалга келип, капиталдык оңдоолорду талап кылгандыгына байланыштуу болгон.

Ошондой болсо дагы, белгилей кетүү керек, Паспорттук-визалык каттоо иштери бөлүмүнүн бир дагы паспорту, арыздардын бланкы, архивдик документтери өрттөн жабыр тарткан эмес.

Окуя болуп өткөн жерде азыр «Инфоком» МИнин борбордук аппаратынын өкүлдөрү бар. Электр берүүнү калыбына келтирүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө, акттарды түзүү жана зыяндын суммасын аныктоо үчүн Ош ш. мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуг башкармалыгынын адистери чакырылышкан. Адистер тарабынан офистик жана компьютердик жабдуулардын (компьютерлер. Принтерлер, факс ж.б.) абалдары жана андан ары колдонуу мүмкүндүгү текшерилүүдө.

Ушуну менен бирге, жарандарга паспортторду берүү жана паспорт алуу үчүн арыздарды кабыл алууда үзгүлтүктөр болгон жок. Толук кандуу ыргакта  ушул эле имараттагы Шашылыш документтештирүү бөлүмү иштеп жатат жана жарандарды кабыл алууну улантууда.

КТБнын бир нече кызматкерлери ыкчам жардам үчүн Кыргызпочтасынын имаратында жайгашкан КТБ-2ге жөнөтүлүшкөн, ал негизги КТБнын имаратынан анча алыс эмес жайгашкан.

Түштүк филиалдын КТБсынын ишин калыбына келтирүү үчүн МККнын жана Инфоком МИнин жетекчилиги тарабынан шашылыш тартипте эң кыска мөөнөттөрдүн ичинде зарыл болгон иш-чаралар жүргүзүлөт.

Өнөктөштөр