Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 17/09/2014
  • Просмотров: 3178

Үстүбүздөгү жылдын  16-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстандын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын топтоо жана каттоодон өткөрүү үчүн жабдуулар менен иш алып баруу боюнча операторлордун биринчи тобун окута баштады.

Окутууну Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин окутуу борборунун базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» МИсинин кызматкерлери өткөрүшкөн. Операторлордун Кыргыз Республикасынын Эмгек, жаштар жана миграция министрлигинин өкүлдөрүнөн, ошондой эле Мамлекеттик каттоо кызматынын ведомство алдындагы түзүлүөт-рүнүн кызматкерлеринен турган биринчи тобу  атайын программалык камсыздоонун базасында жарандардын биометрикалык маалыматтарын каттоого коюлуучу талаптар жана жол-жоболор менен таанышышты.

«Инфоком» МИсинин тренерлери  окутуунун жүрүшүндө маалыматтарды топтоо системасынын иштөөчүнүн негизги принциптери тууралуу айтып беришти, калк тарабынан өтө көп бериле турган суроолорго жоопторду беришти, ошондой эле программалык камсыздоонун бүткүл мүмкүндүктөрүн көрсөтүп беришти.

Белгилей кетүү керек, биометрикалык маалыматтарды топтоо үчүн жабдуулардын бир комплектине жана программалык камсыздоого төмөнкүлөр кирет: портативдүү компьютер, манжалардын тактарын тартып алуу үчүн сканер, кол коюу үчүн планшет, биометрия үчүн камера.

Окутуунун алкактарында ал бир келечектеги оператор программалык камсыздоону биометриялык маалыматтарды каттоонун негизги эрежелерин колдонуу менен тесттен өткөрүп көрдү. Мисалга алсак, манжалардын тактары электрондук сканерди колдонуу менен тартылып алынат. Боек, суюктуктар же химиялык препараттар колдонулбайт. Санариптик сүрөттү тартып алууну кошо алганда бардык жол-жобо 5 минутадан ашык эмес убакытты алат. Биометриялык маалыматтарды тапшыраардын алдында  жарандын манжалары боелбогондугуна (мисалы, хна менен ж.б.), тытыктары же башка белгилери жоктугуна ынануу зарыл, ал эми бетинде теринин айрылып кеткен  же көгөргөн жерлери жок экендигин кароо керек. Болбосо колдонууга боло турган манжа тактарын жана фотосүрөттү алуу кыйыныраак болуп калат. Санариптик фотосүрөткө тартуу жаран бетин жаап кала турган баш кийимчен болсо же күндөн калкалоочу көз айнек тагынып алган учурда жүргүзүлүшү мүмкүн эмес.

Операторлордун бул тобун окутуу Бишкек шаары жана жаңы конуштар боюнча калктан биометрикалык маалыматты топтоону камсыздоо үчүн жүргүзүлүүдө.

Биометрикалык маалыматтарды топтоо Бишкек шаарынын төрт району боюнча жүзөгө ашырылат: Октябрь, Ленин, Свердлов жана Биринчи май. Ар бир райондо топтоонун стационардык пункттары жайгаштырылат, ошондой эле мобилдүү топтор ишке тартылат.

Мындай окутуулар тиешелүү министрликтер жана ведомстволор тарабынан жөнөтүлө турган республиканын бүткүл аймактарынан келген операторлор үчүн дагы жүргүзүлмөкчү.

Өнөктөштөр