Үстүбүздөгү жылдын үч айы ичинде өзгөчө комбинациялуу мамлекеттик каттоо номердик белгилери 9 757 700 сом суммасына сатылып өткөрүлгөн.
- аукциондор аркылуу– 183 мамномердик белгилер 2 826 500 сом суммасына;
- аукциондорсуз – 2229 мамномердик белгилер6 687 000 сом суммасына.
Автотранспорт каражаттарынын 6 мамномерлери КР Өкмөтүнүн КР «Автотранспорт каражаттарына карата сандардын өзгөчө комбинациясы бар мамлекеттик каттоо номердик белгилерин сатып өткөрүү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык, 10%дык арзандатуулар менен сатылган жана 16 200 сомду түзгөн.
114 ассоциациялык номерлерди сатуудан келип түшкөн сумма 228000 сомду түзгөн.
Бардыгы болуп үч айдын ичинде 9 757 700 сом суммасына мамлекеттик каттоо номердик белгилери сатылып өткөрүлгөн.