Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 20/06/2014
  • Просмотров: 3166

Бүгүн, 20-июнда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты каттоо департаментинин  Бишкек шаарынын Шашылыш документтештирүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жасалма документтерди берүү жолу менен алдап алууга жасалган аракетке бөгөт коюлду.

Ушуга окшош инцидент Бишкек шаарынын Шашылыш документтештирүү бөлүмүндө эки күн мурун болгон, анда паспорт алууга жана алмаштырууга берилген жасалма документтердин эки фактысынын алдына бөгөт коюлган. Келип түшкөн документтерди изилдөө учурунда сүрөттөрүнүн дал келишпөөсү, ошондой эле туулгандыгы тууралуу жасалма маалыматтар берилгендиги табылган.

Аныкталган фактылар боюнча Бишкек шаарынын Шашылыш документтештирүү бөлүмүндө документтерди жасалмалоо табылгандыгы тууралуу акт түзүлгөн, ал эми бардык болгон материалдар андан ары карап чыгуу үчүн ИИМдин 5-башкы башкармалыгына өткөрүп берилген.

Бишкек шаарынын Шашылыш документтештирүү бөлүмүнүн начальниги Максатали Нусуповдун айтуусу боюнча, мындай учурлар көп кездеше баштады, көп учурда алардын көбүрөөк бөлүгү мыйзамсыз жол менен КР жаранынын паспортун алууга аракет жасашкан депортацияланып келген жарандар. Ушуга байланыштуу Бишкек шаарынын Шашылыш документтештирүү бөлүмүнүн кызматкерлери паспортторду тариздетүү учурунда кырааттыкты көрсөтүшүп, мындай фактылардын алдын алуу максатында документтерди тыкандык менен текшеришет.

 

Өнөктөштөр