Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 04/12/2015
  • Просмотров: 3329
Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү унаа номерлери киргизилет
Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев билдирди. 
 
Анын айтымында, акыркы сегиз жылдан бери авто унаа номерлерин жеке компания даярдап келген. Эми бул функцияны мамлекеттик каттоо кызматы өзүнө алмакчы. «Биз кийинки аптада унаа номерлерин даярдоо үчүн зарыл жабдууларды сатып алууга конкурс жарыялайбыз. Буга чейин жеке ишканага түшүп жаткан кирешенин баары мындан ары мамлекетке түшөт», - деди ал. 
 
Тайырбек Сарпашев ошондой эле «kg» номерлер жоюулаарын белгиледи. Жеке унаалардын ээлери үчүн номердин бир түрү, мамлекеттик унаалар үчүн башка түрү болот. «Бирок алар бири-биринен түп-тамырынан бери айырмаланбайт, анткени жолдо баары тең укуктуу», - деди МКК төрагасы. 
 
Ал эски унаа номерлерин алардын ээлери машинасын сатканга чейин колдонууга болоорун белгиледи. 
 
Маалымкат: 2015-жылдын 03-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү транспорт каражаттары үчүн каттоо номер белгилерин даярдоо боюнча функцияларды мамлекеттик органга өткөрүп берүү жөнүндө тескеме кабыл алды, ошондой эле каттоо номер белгисинин жаңы дизайны бекитилди. 
 
МКК алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасына жаңы үлгүдөгү каттоо номер белгилерин даярдоого ыйгарым укуктар берилди. «Инфоком» МИ өзүнүн кирешелеринин 50%га чейинки бөлүгүн мамлекеттин казынасына которот, бул республикалык бюджетке салык жана салык эмес төлөмдөрдүн түшүүсүн олуттуу көбөйтүүгө шарт түзөт.   
 
Бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын аймагында каттоо номер белгилерин даярдоону «Анкер» ЖЧК ишке ашырып келген. Алсак, 2007-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин «Анкер» ЖЧК ишканасы 1 миллион 846 миң 84 даана номер белгилерин даярдады. «Анкер» ЖЧК менен түзүлгөн контракттын колдонуу мөөнөтү 2016-жылдын 1-январында аяктайт. 
 
Жаңы дизайнга ылайык, номер белгисинде региондор цифра менен көрсөтүлөт, башкача айтканда, республикалык маанидеги Бишкек жана Ош шаарларына, облустарга цифра коддору ыйгарылат, Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары коддор алфавиттик тартипте берилет. 

Өнөктөштөр