Жарыяланган 09/12/2015
Бүгүн, 9-декабрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат.
Сапардын алкагында Төрага Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо, Транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо департаменттеринин аймактык бөлүмдөрүн, ошондой эле архив мекемелерин текшерет.