Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 19/12/2015
  • Просмотров: 3416
Бишкек шаарында өлкөдөгү эң ири Калкты тейлөө борборунун салтанаттуу ачылышы болду
Бүгүн, 19-декабрда, Бишкек шаарында өлкөдөгү эң ири калкты тейлөө борборунун салтанаттуу ачылыш аземи болду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев, Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Иса Өмүркулов, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов, Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова катышты.
 
Премьер-министр Темир Сариев алгачкы жолу Кыргызстанда кеңири маанидеги Калкты тейлөө борбору ачылып жатканын баса белгиледи. “Жаңы тейлөө борборунун башка борборлордон айырмасы – анын Бирдиктүү терезе принциби менен иштеп, жарандарга документтерди жана мамлекеттик кызматтарды алууга ыңгайлуу шарт түзгөнүндө. Иштеп жаткан борборлор паспорт столунун функциясын гана аткарып келген. Калкты тейлөө борборлору  бүгүн ачылып жаткан борбор көрсөтүүчү кызматтардын комплексин көрсөтүшү керек. Жылдын соңуна чейин региондордо дагы үч Калкты тейлөө борбору ачылат”, - деди Өкмөт башчысы. 
 
Премьер-министр “эки саатта паспорт алуу”, “электрондук кызмат көрсөтүү порталы аркылуу паспорт алуу” сыяктуу жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү коррупцияга каршы таамай күрөшүүчү багыттар экенине басым жасады. 
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев  “бүгүнкү калкты тейлөө борборунун ачылышы калктын бирдиктүү мамлекттик реестрин киргизүүнүн этаптарынын бири” экендигин белгиледи. “Акыркы техникалар менен жабдылган жаңы Калкты тейлөө борбору Мамлекеттик каттоо кызматы иштеп чыккан автоматташтырылган маалыматтык тутумдарды колдонуу менен жарандарга сапаттуу мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт. Бир жарым жылдын ичинде ири калктуу түйүндөрдүн баарына заманбап калктытейлөө борборлорун ачуу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз”, - деди Төрага.
 
Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов жаңы технологияларга өтүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө алдыңкы жетишкендиктерди киргизүү – мезгилдин талабы экенин белгиледи. “Өнүккөн жана өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн баары коопсуздук маселесине көңүл буруу менен жаңы технологияларга өтүп жатат. Бүгүнкү күнү коопсуздук, биометрикалык технологияларды пайдалануу маселелери абдан актуалдуу болуп жатат”, - деди Өмүркулов.
“2 саатта паспорт алуу” жаңы кызматы киргизилээри менен дароо эле жарандар кызмат көрсөтүүнүн бул түрүн алуу үчүн кайрыла баштаганын белгилей кетүү зарыл. “2 саатта паспорт алуу” кызматы боюнча биринчилерден болуп кайрылган жарандарга премьер-министр Темир Сариев паспортторду тапшырды. 
 
Ошондой эле www.e.srs.kg электрондук порталы аркылуу паспорт алууга кайрылган үч жаранга паспорттор берилди.
 
Маалымкат:
Жаңы Калкты тейлөө борборуна төмөнкүлөр жайгаштырылган:
-региондор аралык паспорт столу. КТБнын бул бөлүмүнөн жарандар катталган ордуна карабастан, паспорт алууга жана алмаштырууга документтерин бере алышат;
- Бишкек шаарындагы Свердлов райондук жана Чүй облусундагы Аламүдүн райондук паспорт-виза жана каттоо бөлүмдөрү.
- Свердлов жана Аламүдүн райондорунун ЖААК бөлүмдөрү.
Жаңы Калкты тейлөө борбору Чолпон-Ата көчөсү, 2 дарегинде жайгашкан, Анкара көчөсү (мурдагы (М. Горький көчөсү) менен кесилишет.  КТБнын жалпы аянты 1300 чарчы метр. 

Өнөктөштөр