Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) Калкты жана жарындык абалдын актыларын каттоо департаменти (КжЖААКД) тарабынан көрсөтүүлүүчү акы төлөнүүчү кызматтардын бааларынын прейскурантын бекитти.
Баалардын прейскуранты КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна жана 2015-жылдын 24-ноябрындагы “КжЖААКД тарабынан көрсөтүүлүүчү акы төлөнүүчү кызматтардын прейскурантын макулдашуу жөнүндө” № 114 буйрукка ылайык бекитилди.
Баалардын прейскуранты:
№ |
Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы |
Баасы, сом менен |
1 |
Арыз берүүчүнүн каалоосу боюнча райондук ЖААК бөлүмдөрүнүн имараттарынан тышкары никени салтанаттуу каттоо |
1265 |
2 |
Арыз берүүчүнүн каалоосу боюнча Бишкек жана Ош шаарларындагы ЖААК бөлүмдөрүнүн имараттарынан тышкары никени салтанаттуу каттоо |
2565 |
3 |
Арыз берүүчүнүн каалоосу боюнча республиканын райондук ЖААК бөлүмдөрүнүн имараттарында никени салтанаттуу каттоо |
556 |
4 |
Арыз берүүчүнүн каалоосу боюнча Бишкек шаарындагы Бакыт өргөөсүнүн имаратында никени салтанаттуу каттоо |
1732 |