Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 29/12/2015
  • Просмотров: 2342
Жаңы жылды утурлай Каракол шаарында Калкты тейлөө борбору ачылды

Мамлекеттик каттоо кызматында жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында 29-декабрда Каракол шаарында жаңы Калкты тейлөө борборунун ачылышы болду. 

Каракол шаарындагы КТБ заманбап маалыматтык технологиялар менен жабдылган жана паспорт алуу, каттоо/каттоодон чыгуу, никени каттоо жана никени бузуу, төрөлүүнү каттоо, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү маселелери боюнча мамлекеттик кызматтар, Дарек-маалымдама бюросунун кызматтары, ошондой эле шашылыш тартипте паспортторду даярдоо боюнча кызматтар көрсөтүлөт.  Мындан тышкары, Ысык-Көл районунун жашоочулары шашылыш тартипте 2, 4 жана 8 жумуш күндүн ичинде паспорт ала алышат.

Бул долбоордун максаты – кызматтарды көрсөтүү процесстерин унификациялоо жана стандартташтыруу, “бирдиктүү терезе” принциби боюнча көп тармактуу калкты тейлөө борборлорун түзүү.

КТБнын жаңы үлгүсү анкета жана арыз алуу, ЖААК жана жашаган ордун каттоо тутумун автоматташтыруу боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен бирге каттоо кызматтарынын сапатын жакшыртууга шарт түзөт.

Тейлөө-борбору керектөөчүгө жана кызматтарды ыкчам көрсөтүүгө багытталган.

Салтанаттуу иш-чарага МКК төрагасынын орун басары Камчыбек Акишев, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору Мухабат Пратова, Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаев жана башка расмий адамдар катышты.

Маалымкат: 2015-жылдын 19-декабрында Бишкекте өлкөдөгү эң ири Калкты тейлөө борборунун ачылышы болгон.

2015-жылдын 24-декабрында Баткен шаарында жаңы үлгүдөгү КТБ ачылган.

Өнөктөштөр