Жарыяланган 13/01/2016
Жаңы жылдан баштап жеринде документтерди кабыл алуу кызматынын акысы 700 сомго арзандап, азыркы учурда 1200 сомду түзөт.
Мобилдүү топ борбору калкка, жерине барып документтерди кабыл алуу кызматын көрсөтөт. Бул кызматтын негизги багыты Бишкек шаарынын чегинде жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары биринчи жолу жана паспортторун алмаштыруусунда кызмат көрсөтөт. Ал эми паспорт жоголгон учурда бул кызмат көрсөтүлбөйт.
Жарандар кайрылган учурда, мобилдүү топ борборунун кызматкерлери кайрылган жарандын турган жерине барып, документтерди толтуруп, сүрөткө тартып , керек болгон документтердин баардыгын кабыл алышат. Кайрылган жарандын каалоосу менен мамлекеттик төлөмдөрдү да кабыл алышат.
Белгилей кетсек, бул кызмат Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, I группадагы майыптарга, карылар үйлөрүнүн жашоочуларына , жетимдерге жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына бекер көрсөтүлөт.
Толук маалыматты: (0312) 897 – 999 номуруна чалып билсеңиздер болот.