Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 14/01/2016
  • Просмотров: 2217
2015-жылда Мамлекеттик каттоо кызматынын “Ишеним телефонуна” жарандардан 6271  кайрылуу түшкөн, анын ичинен 71 даттануу, 6200 - маалыматтык мүнөздөгү кайрылуу.
71 даттанууларды карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча, кызматтык иликтөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин мыйзам бузуулар жоюлду, ведомстволук бөлүнүштөрдүн кызматкерлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү; арыз ээлерине маалымат берилди, белгиленген тартипте түшүндүрмөлөр берилди.
 “Ишеним телефонуна” кайрылуулардын эн көп саны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөзүү убагы - 2015-жылдын 3 кварталына туш келет. Көрсөтүлгөн аралыкта 5 302 кайрылуу катталган.
«Ишеним телефону» аркылуу · 0 (312) 62 41 40 төмөнкүдөй мүнөздөгү даттануулар кабыл алынат:
·   Кызмат адамдарынын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусу;
·    Түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрдөгү коррупциялык көрүнүштөр;
· Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун даярдоонун, туулгандыгы жөнүдө күбөлүк алуунун, транспорт каражаттарын тариздөөнүн жана айдоочунун күбөлүгүн алуунун мөөнөттөрүн бузуу;
· Кызматтын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин жарандарга карата орой жана этикага каршы келген мамилелери.
Даттанууларды карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча, кызматтык иликтөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин мыйзам бузуулар жоюлду, ведомстволук бөлүнүштөрдүн кызматкерлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү; арыз ээлерине маалымат берилди, белгиленген тартипте түшүндүрмөлөр берилди.  
Маалыматтык мүнөздөгү кайрылуулар түшкөндө суралган маселе боюнча консультация берилди.

Өнөктөштөр