Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 15/01/2016
  • Просмотров: 2332
Россия Федерациясынын архивдерине жана китепканаларына баруучу илимий экспедиция боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын отуруму болуп өттү.
 
Мамлекеттик Каттоо Кызматынын алдындагы Архив агентствосунун кызматкерлери биринчи жолу Россия Федерациясынын архивдерине жана китепканаларына илимий экспедиция менен барууга даярданып жатышат. Бул экспедициянын негизги максаты чет өлкөлөрдүн архивдеринде, музейлеринде жана китепканаларында сакталган   кыргыздар жана Кыргызстан жөнүндөгү  маалыматтарды табуу жана чогултуу болуп эсептелет.
Ушул жылдын январь айынын ортосунда илимий кеңешчи  Ж. Баласагын атындагы  Кыргыз Улуттук Университетинин профессору Т. Кененсариев баштаган  курамында алдыңкы эки архивдин кызматкерлерин камтыган илимий  топ Санкт-Петербург  шаарына аттанганы турушат.
 Иш чаранын  алкагында Архив агентствосунда ведомстволор аралык комиссия мүчөлөрүнүн  отуруму  2015-2015-жылдарга карата чет өлкөлөрдүн архивдеринде, музейлеринде жана китепканаларында сакталган   кыргыздар жана Кыргызстан жөнүндөгү  маалыматтарды жана документтерди  табуу жана чогултуу боюнча Программаны иштеп чыгышты. Отурумдун башкы темасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2015-жылдын 23-декабрындагы №626 буйругун ишке ашыруу максатында узак мөөнөтүү программаны бекитүү  болду. Отурумда тарых институттун директору профессор А. Жумалиев баштаган Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий кызматкерлеринин тобу, Кыргыз элинин тарыхий маданий мурасынын "Мурас" фондусунун жетекчиси профессор Т. Чороев, "Мурас" фондусунун жетекчисинин орун басары профессор К. Молдокасымов, өлкөбүздүн  жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү -  Кыргыз Улуттук Университетинин "Тарых жана аймак таануу" факультетинин деканы профессор  А.Бедельбаев,  К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университетинин "Кыргызстандын тарыхы жана чет элдик чыгыш өлкөлөрүнүн тарыхы" кафедрасынын жетекчиси   профессор Т.Рыскулов, Кыргыз-Россия Славян университетинин "Тарых жана маданият" кафедрасынын доценти В.Яншин ошондой эле Архив агентствосунун кызматчылары жана борбордук мамлекеттик архивдердин жетекчилери катышышты.
Өлкөбүздүн тарых изилдөөчүлөрү Өкмөт тарабынан каралып жаткан Кыргызстандын жана кыргыз элинин тарыхындагы "белгисиз баракчаларды" чет өлкөлөрдүн архивдеринде, музейлеринде жана китепканаларында сакталган   маалыматтарды табуу жана чогултуу  демилгесин жакшы маанай менен кабыл алышты.
 
Иш чаранын жүрүшүндө маанилүү кеп кеңештер айтылып, Россия Федерациясынын жана КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик  архивдериндеги каралуучу тарыхий маалыматтардын тематикалары аныкталды. Профессор А Жумалиев 1916-жылкы болуп өткөн көтөрүлүш жана тарыхий инсандарыбыздын элине  кылгын эмгектери боюнча маалыматтардын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Тарых изилдөөчүлөрдүн ой пикири боюнча  чет өлкөлөрдүн архивдеринде, музейлеринде жана китепканаларында сакталган     кыргыздар жана Кыргызстан жөнүндөгү  маалыматтар  жаңы илимий изилдөөлөргө негиз болуу менен бирге, маданият - билим чөйрөсүндө жалпы эле коомчулук үчүн жана мамлекеттик башкарууда пайдасы чоң.

Өнөктөштөр