Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 15/01/2016
  • Просмотров: 2550
2016- жылдын 14-январында  Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын "Автомототранспорттук каражаттарды жана аларга чиркелүүчү каражаттарды  каттоодо берилүүчу номерлерди жасоо үчүн колдонулучу  жабдуулар жана керектелүүчү каражаттарды"  сатып алуу боюнча  конкурска берилген билдирмелерди ачты. 
Конкурс Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамынын 17-беренесине ылайык бир этап методу боюнча жарыяланган. Бир этаптуу сатып алуулар  мамлекеттик сатып алуунун негизги методу болуп эсептелет. Мындай   сатып алууда конкурска катышуучу камсыздоочулардын саны чектелбейт.
Аталган конкурска Россия Федерациясынын Новосибирск шаарында катталган "Типография №2" ЖЧКсы билдирме жөнөткөн. Аталган компания  өз билдирмесинде   Польша өлкөсүнүн UTAL компаниясынын жабдууларын жана керектелүүчү каражаттарын сунуш кылган жана "Типография №2" ЖЧКсы UTAL компаниясынын өндүргөн товарынын укуктуу  таркатуучусу болуп эсептелет. "Типография №2" ЖЧКсынын конкурста маалымдаган билдирмесинин жалпы баасы  1 млн. 954 миң. 675 рублду түзөт.
Сатып алуу боюнча  конкурстун документтердин кароо боюнча протокол мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган. 
Азыркы учурда конкурстук комиссия конкурста белгиленген шарттар менен кабыл алынган документтерди кароодо, конкурстун жыйынтыгы сатып алуу процедуралары аяктагандан кийин чыгарылат.
"Автомототранспорттук каражаттарды жана аларга чиркелүүчү каражаттарды  каттоодо берилүүчу номерлерди жасоо үчүн колдонулучу  жабдуулар жана керектелүүчү каражаттарды"  сатып алуу боюнча  конкурс мамлекеттик сатып алуулар порталында  2015-жылдын 23-декабрында жарыяланган.
 
 

Өнөктөштөр