Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 19/01/2016
  • Просмотров: 2590
Архив кыматкерлеринин тобу Россия Федерациясына аттанышты.
2016-жылдын 17-январында 2015-2025-жылдарга карата чет өлкөлөрдүн архивдеринде, музейлеринде жана китепканаларында сакталган   кыргыздар жана Кыргызстан жөнүндөгү  маалыматтарды табуу жана чогултуу программасынын алкагында архив кызматкерлеринин биринчи тобу, кинофотофонодокументтер борбордук архивинин бөлүм башчылары А.Тазабекова жана Е.Тищенко Россия Федерациясынын Москва облусунун Красногорск шаарына  Россия мамлекеттик архивинин кинофотофонодокументтер фонду менен иштөө үчүн аттанышты.
 Ишти тездетүү максатында,  каралуучу  маалыматтардын көлөмдүү болгондугуна байланыштуу, адистер илимий-маалымат кызматы менен таанышып чыгышат. Кыргызстандын тарыхына байланыштуу табылган кинодокументтер жана фотосүрөттөр Россия Мамлекеттик архивинин эрежелери боюнча  көчүрүлүп алынат.
Маалымдама: Россия мамлекеттик Кинофотодокументтер архиви 1926 - жылы негизделген. 1918-жылга чейин кинофотодокументтер боюнча маалыматтар жеке кинофотоишкерлеринин менчигинде болгон. 1918-1919-жылдардагы Совет бийлигинин декреттерине ылайык кинофотодокументтерин каттоо жана колдонуу мамлекетке өткөрүлүп берилген.  А бирок кинофотодокументтерди борборлоштуруу 1927-жылга чейин кыйынчылык жаратып келген. Кинофотодокументтер кээ бирлери илимий ишканаларда, музей жана уюмдарда сакталган. Ошондуктан 1928-жылы Москва шаарында мурдагы Лефортовскийдин кан сарайынын аймагында архивдик сактоочу жай ишке берилген. 1953-жылы архив Красногорск шаарына көчүрүлгөн  жана бүгүнкү күнгө чейин ошол жерде иштеп келет. 1992-жылдан тартып бул архив Россия мамлекеттик кинофотодокументтер архиви наамын алган, бул архивде  кинофотодокументтердин көлөмдүү жыйнагы сакталып келет. 2015-жылдын 1-январь айына карата:
 
кинодокументтер – 247 704 сакталууда, 44 069 аталыштагы фильмдер; алардын ичинде 2 491 си 1917 – жылга чейин тартылган;
фотодокументтер - 1 152 368 сакталууда, анын ичинен 177 754 альбомдогу фотосүрөттөр 190 524 колдонуудагы фотосүрөттөр;
видеофонограммалар - 16 489 сакталууда, анын ичинен 7 622 колдонуу үчүн фондду түзөт.
Россия Федерациясынын Президентинин 1997-жылдын 2- апрелиндеги Указына ылайык Россия мамлекеттик Кинофотодокументтер архиви Мамлекеттик маданий мурстардын катарына киргизилген. 
 

Өнөктөштөр