Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 20/01/2016
  • Просмотров: 2861
Тайырбек Сарпашев Кыргызстандагы Корея Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Джонг Бёнг Хун менен жолугушту
19-январда Мамлекеттик Каттоо Кызматында Кызматтын төрагасы Тайырбек Сарпашев Кыргызстандагы Корея Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Джонг Бёнг Хун менен жолугушту.
Тайырбек Сарпашев Корея Республикасынын элчисине өлкөбүздө  болуп өткөн парламенттик шайлоого кошкон жардамына ыраазычылык билдирип,  шайлоонун ачык айкын демократиялык өтүшүнө кошкон салымын баса белгиледи.
Жолугушууда эки тарап шайлоодогу  биргелешкен ишмердиктин жыйынтыгын талкуулашып, кадастр системасындагы маалымат базасын жакшыртуу жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы кыймылсыз мүлк боюнча индекс коюлган электрондук карточкаларды интеграциялоо жаатында кызматташтыкты улантуу боюнча пикир алмашышты.
 Тайырбек Сарпашев кызматташтыкты андан ары улантуунун багыты катары шайлоо процессинин инфраструктурасын жакшыртуу экендигин баса белгилеп, бул багытта эки жакка тен пайдалуу иштер жасаларын айтып кетти. 
Ошондой эле Мамлекеттик Каттоо Кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев Корея Республикасынын маалымат-байланыш тармагындагы тажрыйбасын баса белгилеп, Кыргыз Республикасынын техникалык адистеринин Корея Республикасына болгон акыркы делегациясын чет өлкөлүк тажрыйба алмашуунун   эң мыктысы катары белгиледи.
Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Джонг Бёнг Хун электрондук мамлекеттик кызматы жана жаңы муундагы электрондук паспортторду киргизүү жаатында тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даярдыгын билдирди.

Өнөктөштөр