МККнын Штабынын маалыматтары боюнча 2015 – жылга карата 2 миллион 869 миң 645 жаран биометрикалык каттоодон өттү.
Жалпы улуттук өнөктүк башталгандан бери Бишкекте – 537 392; Ош шаарында – 170 911; Ош облусунда – 527 493; Нарында – 133 495; Чүйдө – 459 829; Ысык-Көлдө – 218 312; Баткенде – 206 844; Таласта – 112 242; Жалал-Абад облусунда – 487 783 адам биометрикалык маалыматтарын тапшырды.
Биометрикалык маалыматтарын тапшыргандардын пайыздык көрсөткүчү: Бишкек – 80,17%; Ош – 100,40%; Ош облусу – 79,49%; Нарын облусу – 71,92%; Чүй облусу – 78,57%; Ысык-Көл облусу – 68,95%; Баткен облусу – 65,67%; Талас облусу – 74,17%; Жалал-Абад облусу – 68,16%.
Эскерте кетсек, биометрикалык маалыматтарды катталган ордуна же жашаган жерине карабастан, каалаган топтоо түйүнүнө барып тапшырууга болот. Жанында КР жаранынын паспорту бар болуусу керек.