Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
  • 06
  • May

Жарандарды документтештирүү иштери уланууда

  Мамлекеттик каттоо кызматынын Баткен, Лейлек райондорунун жана Сүлүктү шаарынын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кыргыз-тажик чек арасындагы чек ара жаңжалынан жапа чеккен жарандарды документтештирүү иштерин улантышууда. Алар Баткен шаарында, Көк-Таш жана Максат айылдарында иштеп жатышат. Ал үчүн, көчмө калкты тейлөө борборлору жер-жерлерде жайгаштырылды. Учурда Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдагы үлгүсүндөгү ID-карта паспортторун даярдоого үчүн 47 арыз, 34... Кененирээк
  • 04
  • May

Кызматтын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасында санариптик документтер боюнча жаңы долбоорлорду ишке ашыруу процесстери менен таанышышты.

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев жана анын орун басары Айнура Туйбаева Кызматтын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасында санариптик документтер боюнча жаңы долбоорлорду ишке ашыруу процесстери менен таанышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын талдоочулары Кызматынын жетекчилигине электрондук кызматтарды алууда жарандарды идентификациялоонун маалыматтык... Кененирээк
  • 04
  • May

Документтерин жоготкон жарандарга документтериин калыбына келтирүүгө көмөктөшүү максатында үймө-үй кыдыра баштады

Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери кыргыз-тажик чек арасындагы чек ара жаңжалынын кесепетинен документтерин жоготкон жарандарга документтериин калыбына келтирүүгө көмөктөшүү максатында үймө-үй кыдыра баштады. Ордунда, документтерге муктаж жарандардын тизмелери түзүлүп жатат. Иш-аракеттердин алгоритми бир нече этаптан турат: жарандарды калктын бирдиктүү реестринин тутумунда тактоо, архивдик материалдар менен иштөө жана эң акыркысы жаранды документтештирүү. Баткен областынын... Кененирээк
  • 30
  • Apr

Памирлик кыргыз эң негизги документин алды

Турганбай Памири - 2017-жылы Памирден Кыргызстанга көчүп келген этникалык кыргыз. Ал Нарында жашап жана окуган. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун Жарлыгына ылайык, ал Кыргызстандын жарандыгын алды. Ушул жылдын 28-апрелинде Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты каттоо департаментинин кызматкерлеринин жардамы менен 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын паспорту ID-картаны алуу үчүн документтерин тапшырган. 29-апрелде, Кыргызстандын жараныны экендигин тастыктаган... Кененирээк
  • 28
  • Apr

МКК маалымдайт: техникалык себептерден улам, айрым КТБлардын жакынкы күндөрдөгү иштөө графиги убактылуу өзгөртүлдү

2021-жылдын 30-апрелинде техникалык себептерден улам, Бишкек шаары Жибек-Жолу проспектиси 381дарегиндеги 4-КТБ, Ош шаарындагы Ленин көчөсү 318 дарегиндеги 1- КТБ, ошондой эле «Азия-молл» соода көңүл ачуу борборундагы жана ТЭЦтин маңдайында жайгашкан «Глобус» гипер маркетиндеги кичи калкты тейлөө борборлору саат 19:00 жана 22:00 чейин эмес, саат 18: 00 гө чейин гана иштешет. 1, 2-майда аталган даректердеги кичи КТБлору иштебейт. Алардын иши ушул жылдын 4-майында... Кененирээк
  • 27
  • Apr

КТБу 2006-жылдын үлгүсүндөгү (чет өлкөгө чыгуучу) паспортко документ кабыл алууда

Ушул жылдын апрель айынын аягына чейин калкты тейлөө борборлорунда 2006-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортторун алууга документтерди кабыл алынат. 3-майдан баштап, 2020-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык биометрикалык паспортуна документтерди кабыл алуу башталат. Документти текшерүүдөн өткөрүү жана персоналдаштыруу процесси 18 жумушчу күндө аткарылат. Кыргыз Республикасынын биометрикалык паспортун шашылыш түрдө... Кененирээк
  • 27
  • Apr

МКК: жарандардын көйгөйлүү жеке идентификациялык номерлерин боюнча арыздарын кароо мөөнөтү кыскартылды

Мамлекеттик каттоо кызматы жарандардын маалыматтарын актуалдаштыруу, ошондой эле мурда туура эмес берилген (көйгөйлүү) ЖИНдерди (жеке идентификациялык номер) оңдоо боюнча жарандардын кайрылуусу боюнча иш жүргүзөт. Кээ бир учурларда популярдуу социалдык тармактарда (Фейсбук, Инстаграм, Твиттер ж.б.) жарандардын ЖИН боюнча кайрылууларын кароо мөөнөттөрүнүн бузулгандыгы жөнүндө маалыматтар кездешип калат. Кызматтын жетекчилиги мындай көрүнүштөрдү жокко чыгаруу боюнча бардык чараларды... Кененирээк
  • 23
  • Apr

МКК: Биометрикалык паспортко документтерди кабыл алуу май айынын башында башталат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи кезектеги иш чараларынын планынын алкагында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул жылдын 3-майынан баштап жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспортторду (е-ОГП) берүү үчүн документтерди кабыл ала баштайт. Учурда жабдууларды орнотуу жана паспортторду басып чыгарууну тесттирлөө иштери жүрүп, программалык камсыздоону иштеп чыгуу аяктап жатат.  «Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2020-жылдын... Кененирээк
  • 23
  • Apr

1-июндан тартып Кыргызстанда унааларды кайра каттоодон өткөрүү арзандайт

Унааларды кайра каттоо боюнча улуттук кампания 1-июндан баштап ушул жылдын 31-декабрына чейин уланат. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койду. Улуттук кампания өткөрүүнүн максаты Кыргыз Республикасынын Президентинин «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруунун алкагында жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын... Кененирээк
  • 23
  • Apr

Кыргыз Республикасынын жаранынын колдонуудагы жалпы жарандык паспортун берүү үчүн, документтерин кабыл алуудагы бардык чектөөлөр алынып салынды

Коррупциялык тобокелдиктерге жана түшүнбөстүктөргө жол бербөө үчүн Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын жаранынын колдонуудагы жалпы жарандык паспортунун документтерин кабыл алуудагы бардык чектөөлөр алынып салынгандыгын билдирет. Бул чектөөлөр Кыргызстанга жаңы биометрикалык паспорттордун киргизилишине байланыштуу убактылуу болду. Кыргызстандын жаранынын жалпы жарандык паспортун алуу үчүн документтерди кабыл алуу өлкөнүн бардык калкты тейлөө борборлорунда жана аймактык... Кененирээк

Өнөктөштөр