Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
  • 21
  • Apr

Сиздердин артыңыздар менен, урматтуу ардагерлер, биз Жеңиш күнүн майрамдап келебиз!

1945-жылдын 9-майы алыстаган сайын бизге Улуу Жеңиш тартуулаган ардагерлердин катары суюлуп барат. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согушка катышкан 1113 ардагер жашайт, анын ичинен 34 киши  блокадага алынган Ленинград шаарынын тургундары жана 321 киши согуштун майыптары. Бүгүн Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдык мааракесин утурлай биз Сиздерге ыраазылык билдиргибиз келет. Сиздердин артыңыздар менен гана, урматтуу ардагерлер, биз Жеңишти майрамдап... Кененирээк
  • 17
  • Apr

МККнын кызматкерлери жумушчу сапарынын жүрүшүндө Алматы шаарындагы КТБнын иши менен таанышышты

МККнын жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн кызматкерлери Алматы шаарында жумушчу сапарында болуп, калкты тейлөө борборунун иши менен таанышып келишти. Жумушчу сапары БУУӨП жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «Кыргыз Республикасында сот адилеттигине жетүүнү кеңейтүү»  долбоорунун  алкагында уюштурулган. Сапардын жүрүшүндө делегациянын катышуучулары инновациялуу калкты тейлөө борборунун иши менен таанышты. Казакстандык кесиптештер эки жүздөн ашык мамлекеттик... Кененирээк
  • 15
  • Apr

Роза Отунбаева биометрикалык каттоодон өттү

Бүгүн Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева борбор калаадагы топтоо түйүндөрүнүн биринде биометрикалык маалыматтарын тапшырды. Эскерте кетсек, 2014-жылдын август айында биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча улуттук өнөктүк башталган. Ушул жылдын 13-апрелине карата биометрикалык каттоодон 2 481 435 жаран өттү. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын... Кененирээк
  • 15
  • Apr

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы аялдардын каармандыгы

Кыргыз эл акыны Аалы Токомбаевдин өлкөнүн Борбордук мамлекеттик архивине өткөрүп берген каттарынын чоң жыйнагына Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жаралган көптөгөн кызыктуу фактылар менен чыгармалар топтолгон. Архив фондунда Кыргызстандын тарыхы жана жалпы постсоветтик мейкиндик үчүн, тарыхты жараткандар, жеңишти алып келгендер үчүн зор мааниге ээ документтер бар.   Советтер Союзунун жеңиши -  бул совет элинин жеңиши жана анда аялзаты дагы белгилүү ролду аткарган. Көп... Кененирээк
  • 14
  • Apr

Казань, Самара жана Тольятти шаарларында Кыргызстандын 300дөн ашык жараны биометрикалык маалыматтарын тапшырышты

Казань, Самара жана Тольятти шаарларында 6-апрелден 10-апрелге чейин Кыргызстандын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын чогултуу ишке ашырылганын, Россиядагы Кыргызстандын Элчилигинин маалымат кызматы 14-апрелде билдирди. Стационардуу чогултуу түйүндөрү Казань шаарында – Татарстан Республикасынын Элдердин достугу үйүндө, Самара шаарында – «Манас-Ата» кыргыз диаспорасынын кеңсесинде жайгаштырылды, ал эми Тольятти шаарынын Киров базарына баруу менен... Кененирээк
  • 14
  • Apr

Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик архивинде Улуу Ата Мекендик Согуш жылдарындагы документтер сакталып турат

Согуш жылдары совет элинин чыгармачылык дарамети катаал жылдардагы турмуштун оордугу менен кыйынчылыктарын көтөрүүгө жардам берген. Ошол мезгилдеги прозада жана поэзияда согуштагы окуялар чагылдырылган. Эң башкы лейтмотив - эркиндик  жана кулчулукка багынып бербөө, душманды талкалоо, жеңишке жетүү болгон.     Улуу Ата Мекендик Согушка катышкан талантуу мекендештерибиздин катарында Сабыркул Керималиев дагы болгон. Ал согуштун жүрүшүндө жадарар болуп, госпиталга... Кененирээк
  • 13
  • Apr

Инфоком мамлекеттик ишканасы коммерциялык банктардын арасында конкурс өткөрөт

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы төлөмдөрдү жана коштоочу кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу, иштеп чыгуу кызматтарын көрсөтүү үчүн коммерциялык банктарды тандап алуу боюнча ачык конкурска катышууга чакырат. Конкурс эки этаптан турат. Конкурстун биринчи этабы боюнча сунуштарды кароо 2015-жылдын 12-май айында саат 15:00дө Бишкек шаары, Манас проспекти, 28, конференц-зал дарегинде өтөт. Конкурстун... Кененирээк
  • 13
  • Apr

«Кадрлар» автоматташтырылган малыматтык тутумуна жаңы «Кылмыш иштери» коймосу кошулду

Мурда маалымдалгандай, «Инфоком» мамалекеттик ишканасы тарабынан «Кадрлар» автоматташтырылган маалыматтык тутуму («Кадрлар» АМТ) иштелип чыгып жана ишке киргизилген.   Тутум кызматчылардын кадрдык маалыматтарын жүргүзүү жана эсепке алуу максатында иштелип чыккан жана МККнын жана анын ведомстволук мекемелеринин кызматчыларынын пайыздык катнаштагы орто жаш курагын, жалпы санын, билимин жана жынысын автоматтык түрдө аныктоого жардам берет.... Кененирээк
  • 13
  • Apr

МКК Ата Мекендик согуш жылдарындагы уникалдуу документтердин электрондук архивин түзүү боюнча порталды иштеп чыгат

«Инфоком» мамлекеттик ишканасы Улуу Ата Мекендик Согуштун 70 жылдыгын утурлай документтердин электрондук архиви бар интернет-портал түзүп жатат.   Порталга согуш ардагерлеринин архивдик документтери, согуш аракеттеринин уникалдуу архивдери, ардагерлердин маектери, фото альбомдор, гезиттерге жарыяланган макалалар жана башка кызыктуу материалдар кирмекчи.    Бул долбоорду ишке ашыруу согуш жылдарындагы уникалдуу жана баалуу документтердин... Кененирээк
  • 10
  • Apr

Мамлекеттик Каттоо Кызматы Системалык Коррупцияны жоюу боюнча иш кадамын аныктаган Планды аткаруу жөнүндө буйрук кабыл алды

Мамлекеттик Каттоо Кызматында Кызматтын бардык ведомстволук бөлүмдөрүндөгү системалык Коррупциялык схемаларды жоюу максатында кадамдар  такталып иш планы аныкталды. 2015 - жылдын 6 апрелинде ведомствонун ушул пландарды аткаруу боюнча буйругу чыгарылды. Документте Кыргыз  Өкүмөтүнүн алдындагы  Мамлекеттик Каттоо Кызматынын структурасында жана бардык ведомстволук бөлүмдөрүндөгү системалык Коррупциялык схемаларды жоюу тууралуу Планды ишке ашыруу боюча иш комиссиясынын... Кененирээк

Өнөктөштөр