Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
  • 03
  • Apr

МККнын Ички контроль башкармалыгы (ИКБ) документтерди жасалмалоо документтерди алмаштыруу фактыларын аныктады

МККнын Ички контроль башкармалыгы  (ИКБ) Кадастр депатаментинин Ысыккөл районунун жерди пайдалануу иштерин жөнгө салуу башкармалыгынын жергиликтүү каттоо бөлүмүнүн (ЖКБ) кызматкерлери тарабынан документтерди жасалмалоо жана кызмат абалынан пайдалануу менен документтерди алмаштырып коюу фактыларын аныктады. Текшерүүнүн жүрүшүндө  жумушчу топ тарабынан архивдик маалыматтарды текшерүүдө   кыймылсыз мүлктү каттоо учурунда жол берилген бир катар бузуулар табылды.... Кененирээк
  • 02
  • Apr

Эңсеп күткөн Жеңиш күнүн жакындаткандар!

Улуу Ата Мекендик Согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына карата Борбордук мамлекеттик архив окурмандарга Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы Кыргыз ССРинин эл чарбасынын алдыңкы эмгекчилеринин кайрылууларынын сериясы менен таанышууну сунуштайт. Бул публикациялардын сериясына ата-энелердин майдандагы балдарына жазган каттары, согуш жылдарында эл чарбасында болгон жетишкендиктер жана милдеттер жөнүндө билдирүүлөр жана башка материалдар кирет. Эл чарбасынын алдыңкы эмгекчилердин... Кененирээк
  • 02
  • Apr

МУКК Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы аныктаган, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган, фактысы боюнча МККнын тактоосу

 Массалык маалымат каражаттарына 2015-жылдын 1-апрелинде жарыяланган  «МУКК Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Мамлекеттик Каттоо Кызматынын кызматкерлери  кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке 4,5 млн. сом зыян келтирген» фактысы боюнча Мамлекеттик Каттоо Кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик  ишканасы  төмөнкүлөрдү билдирет: Мамлекеттик Каттоо Кызматынын төрайымы А. Шаикованын буйругу менен, Мамлекеттик Каттоо... Кененирээк
  • 02
  • Apr

КР шайлоо мыйзамдары: реалдуулук жана перспективалар

Бишкекте “ КР  шайлоо мыйзамдары : реал дуулук жана перспектив алар” темасында тегерек стол өтүп жатат. Тегерек столдун ишине МККнын төрагасынын орун басары Д. Догоев катышып, КБМР келечектеги үлгүсүн презентациялады. Дастан Догоев өзүнүн презентациясында КБМР мамлекеттик каттоо-эсепке алуу, калктын электрондук маалымат базасын калыптандыруу тутумун өркүндөтүү, таза жана ачык шайлоо өткөрүү үчүн шайлоочулардын сапаттуу тизмесин түзүү, ошондой эле добуш берүүнүн... Кененирээк
  • 02
  • Apr

Мамлекеттик Каттоо Кызматынын сайтында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган жаңы бөлүм ачылды

Бул   бөлүмдө  Улуу Ата Мекендик согуш убагындагы ата-энелердин фронттогу уулдарына жазган каттары, элдик чарбадагы: пландары, тапшырмалары жана жетишкендиктери  тууралуу публикациялар сериясы берилмекчи.   Андан  тышкары, бул   бөлүмдө  окурмандар  «Нацизмге каршы күрөштө биз бирге болгонбуз!» көргөзмөсүндөгү архивдик фото сүрөттөр менен тааныша алышат.   Сүрөттөр Кыргыз Мамлекеттинин Борбордук архивинин... Кененирээк
  • 01
  • Apr

Мамлекеттик Каттоо Кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы кайрымдуулук айлыганын алкагында иш чара уюштурушту

Мамлекеттик Каттоо Кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы  кайрымдуулук  айлыганын алкагында   иш  чара уюштурушту. Мамлекеттик Каттоо Кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жарыялаган социалдык адилеттүүлүк айлыгынын алкагында, 7чи кичи районунун  Ж. Пудовкин көчөсүндө жайгашкан  «Жарык Жол» коомдук фондунун  территориясын тазалоо иштерин уюштурушту.... Кененирээк
  • 31
  • Mar

МКК: мыйзамсыз паспорт берген кызматкерлер менен келишимдер кайра түзүлбөйт

Паспортторду мыйзамсыз берген кызматкерлер менен эмгек келишимдери кайра түзүлбөйт. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-кызматынан билдиришти.  Маалыматка ылайык, жумушчу топ Ош шаарындагы тез арада документтештирүү бөлүмүнүн (ТДБ-2) кызматкерлери тарабынан КР жаранынын паспортторун мыйзамсыз берүү факты боюнча кызматтык текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуулар аныкталган, анын негизинде жумушчу топ бул кызматкерлер... Кененирээк
  • 31
  • Mar

«Нацизмге каршы күрөштө биз бирге болгонбуз!» көргөзмөсү үчүн архивдик фото сүрөттөр

Улуу Жеңиштин 70 жылдык мааракесине арналып, Москва шаарында өткөрүлө турган Эл аралык көргөзмөгө коюу үчүн тандалган КР Борбордук мамлекеттик кинофонофотодокументтер архивинин фото сүрөттөрүн жарыялоону улантабыз.   Фрунзе шаары, 1941 жыл. Автор Э. Вильчинский. Н. Царенко окуучу, окуучу кыз,  мектептеги комсомол уюмунун секретары Р. Гурьянов жана жумушчу. №2  орто мектепбинин окуучулары Кызыл Армиянын аскерлери үчүн китеп жана кийимдерди өткөрүп... Кененирээк
  • 31
  • Mar

МКК 2015-жылы ведомствонун ишинин эффективдүүлүгүн жана сапатын жогорулатууну көздөөдө

2015-жылы Мамлекеттик каттоо кызматынын ишиндеги  башкы окуя – ушул жылдын 27-февралында МККнын Коллегиясынын чечими менен бекитилген ведомствонун Иш планы болду. Планды даярдоо жана ишке ашыруу Кызматтын жетекчилигинин  тейлөөнүн сапатын, ички коммуникациянын эффективдүүлүгүн үзгүлтүксүз жогорулатуу, эң башкысы алдыда турган милдеттер жана иш-чаралар жөнүндө маалыматтарды ведомствонун ар бир кызматкерине толук жеткирүү ниети менен шартталган.   2015-жылдагы... Кененирээк
  • 31
  • Mar

Түркияда Кыргызстандын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын топтоо уланууда

КР Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү боюнча, Түркияда Кыргызстандын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын топтоо уланууда.  Топтоо түйүнү Түркиядагы КР Элчилигинде уюштурулган.   Түркиянын Жөө Аскерлер окуу жайында билим алып жаткан жана жумуш күндөрү келүүгө мүмкүнчүлүгү жок курсанттар ишемби күнү Элчиликтин имаратында биометрикалык маалыматтарын тапшырышты.   Мындан тышкары, апрель айында Конья, Кастамону, Малатья шаарларында убактылуу жүргөн... Кененирээк

Өнөктөштөр