Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 19/01/2016
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫ
“Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкү бош административдик мамлекеттик кызмат орундарына алууга конкурс жарыялайт:
 
Бардык кызмат орундары үчүн милдеттүү жалпы квалификациялык талаптар:
 
Билүү зарыл: 
 
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
“Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
“Маалымат алууга кепилдиктер жана эркиндик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
“Саясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери жана мүлкү тууралуу маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
“Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
“Административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
 “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
“Эркектер жана аялдар үчүн тең укуктардын жана тең мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
“Мамлекеттик купуя сырларды коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлеринин этикасынын негиздери жөнүндө Жобо;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы  № 128 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө Жобо;
Кыргыз Республикасында башкарууну документтик камсыздоо боюнча (иш кагаздарын жүргүзүү) Типтүү нускама;
Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
Колдонуучунун деңгээлинде компьютердик сабаттуулук;
Демилгечилдик, командада иштей алуу, жоопкерчилик;
           
Ведомстволук түзүмдөр
 
Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти
 
Өзгөн райондук паспорттук-визалык жана каттоо иштер бөлүмү
 
          • Начальник – (1 бирдик)
         Квалификациялык талаптар
        - юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу тармагындагы жогорку билим, же болбосо бул кызматтын функционалдык багыттарына ылайык келген тармакта беш жылдан кем эмес иш стажы болгондо каалаган профилдеги жогорку кесиптик билим;
         - илимий даражанын жана илимий наамдын болушу (колдоого алынат);
        - улук кызматтарда мамлекеттик кызматтагы үч жылдан кем эмес иш стажы же адистиги боюнча беш жылдан кем эмес иш стажы;  
        - жетекчилик иш тажрыйбасы үч жылдан кем эмес (колдоого алынат);
         - “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”, “Сырткы миграция жөнүндө”, “Ички миграция жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 “Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2015-жылдын 15-июнундагы № 359 “Кыргыз Республикасынын жаранынын документтерин кабыл алуу, паспортун жол-жоболоштуруу, берүү, эсепке алуу, даярдоо жана жалпы жарандык паспортун жекелештирүү тартиби жөнүндө нускаманы”, 2006-жылдын 10-ноябрындагы № 787 “Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун жобосун, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө”, 2004-жылдын 27-июлундагы № 557 “Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту жөнүндө жобону, сүрөттөлүшү жана үлгүсүн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү тууралуу” токтомдорун билүү;
         - адамд ресурстарын башкаруу тармагында;
         - кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерин билүү.
 
         Ыктуулугу:
         - паспорттук-визалык жана каттоо иштерге талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана көйгөйлөрдү чечүүгө болгон мамилелерди интеграциялоо;
         - башкаруучу чечимдерди оперативдүү кабыл алуу жана алардын натыйжаларына жоопкерчилик тартуу;
         - жарандарды кабыл алуу жана тейлөө боюнча иштерди жүргүзүү;
         - кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү.
         Көндүмдөр:
         - түзүмдүк бөлүнүштөрдү башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, Департаменттин жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз-карашын кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруучу чечимдерди оперативдүү даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы түрлөрүн жана ыкмаларын издөө);
         - кагылыш кырдаалдарды жөнгө салуу;
         - документтер жана так отчеттуулук бланктары менен иштөө;
         - натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин жолдорун билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды, эл алдына чыгууларды өткөрүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууну жүргүзүү.
         Функционалдык милдеттер:
         - иштин бардык линиялары боюнча бөлүмдүн ишин түздөн-түз уюштурат;
         - бөлүмдүн бардык ишин жетектейт, бөлүмгө жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
         - бөлүмдүн кызматкерлеринин ортосунда функционалдык милдеттерди  жана айрым тапшырмаларды бөлүштүрөт, зарылдыгына карата өзүнө баш ийген кызматкерлердин кызматтык регламенттерин өзгөртүү жөнүндө Департаменттин жетекчилигине сунуш киргизет;
         - Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын директивдүү документтерин аткаруу боюнча иштерди уюштурат, алардын аткарылышын контролдойт;
         - паспорттордун мыйзамдуу берилиши, ошондой эле так отчеттуулук бланктарынын эсеби үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
         - өзүнө баш ийген кызматкерлердин өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарышын, эмгек тартибин сакташын жана бөлүмдүн бүтүндөй ишин контролдойт;
         - паспорттук-визалык кызматтын ишин регламенттеген ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдарын кызматкерлердин таанышып-үйрөнүүсүн уюштурат;
         - КР жаранынын паспорттору менен документтештирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарын кабыл алууну жүргүзөт;
         - жарандардын арыздарын, кайрылууларын жана даттанууларын карайт, алар боюнча белгиленген мөөнөттө чечим кабыл алат;
         - 08.12.2012-жылдагы № 153 “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” КР Мыйзамынын талаптарын сактоо, эмгек тартибин чыңдоо боюнча, жарандар менен иштөөдө оройлукка жол бербөө боюнча ПВКИБнын өздүк курамы менен иштерди уюштурат жана жүргүзөт;
         - ПВКИБнын линиясы боюнча так отчеттуулук бланктарын берүүнү жана эсепке алууну жүргүзөт;
         - жашаган жери боюнча туруктуу жана убактылуу каттоолук эсепке туруу маселеси боюнча КР жарандарынын арыздарын карайт;
         - паспорттук контролдоо линиясы боюнча ИИМдин түзүмдүк бөлүмдөрү, башка укук коргоо жана мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жүргүзөт;
         - паспортторду тариздөө жана берүү маселелери боюнча райондун калкынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыздайт.
 
Аксы райондук паспорттук-визалык жана каттоо иштер бөлүмү
 
         - паспортторду тариздөө жана берүү маселелери боюнча райондун калкынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыздайт 
 
Чаткал райондук жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн башчысы
Башчы - (1 бирдик)
  Квалификациялык талаптар:
         - юридикалык жогорку билим;
         - илимий даражанын жана илимий наамдын болушу (колдоого алынат);
        - улук кызматтарда мамлекеттик кызматтагы стажы үч жылдан кем эмес же адистиги боюнча иш стажы беш жылдан кем эмес;
        - жетекчилик иш тажрыйбасы үч жылдан кем эмес (колдоого алынат);
         - Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөлүк кодексин, “Балдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын кодексин, “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, “Мамлекеттик алым жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү.
         - адамдык ресурстарды башкаруу тармагында;
         - кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерин билүү.
         Ыктуулугу:
         - мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууну билүү;
         - ишти натыйжалуу пландоо;
         - башкаруучулук чечимдерди оперативдүү кабыл алуу жана алардын натыйжасы үчүн жоопкерчилик тартуу;
         - кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
         - маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;
         Көндүмдөр:
         - ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
         - кагылыш кырдаалдарды жөнгө салуу, натыйжалуу өз ара мамилелерди куруу, иштиктүү этикеттин жолдорун билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, элдин алдына чыгып сүйлөө.
 
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
 
-  жеке арыз, кадрларды эсепке алуу баракчасы, резюме, өмүр баян, 3х4 сантиметр өлчөмүндөгү  – 2 даана фото сүрөт (кызыл фондо);
-  паспорттун же өздүгүн тастыктоочу документтин көчүрмөсү (паспорттун же өздүгүн тастыктоочу документтин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
-  зарыл кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариуста же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясы, окумуштуулук даражасын же окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтеринин көчүрмөсү);
-  КР ИИМдин Маалымат борборунан соттолбогону жөнүндө маалымкат (248-форма);
-  иштеген жеринен сунуштамалар  (колдоого алынат).
 
Делого көктөлгөн документтерди жеке өзү алып келүүсү же почта аркылуу “Конкурска” белгиси коюлган конверт менен   2016-жылдын 1-февралы, саат 18:00гө  чейин Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 44, № 208 кеңсе дарегине жөнөтүү керек. Телефону: 62-49-15.
 
Кененирээк маалымат төмөнкү сайтта жайгаштырылган:
www.mkk.gov.kg.

Өнөктөштөр