Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 26/07/2017

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫ

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкү бош административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына

ички конкурс жарыялайт :

 

Ведомстволук бөлүнүштөр

Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти

 

Директордун орун басары (калкты жана чет өлкөлүк жарандарды паспорттоштурууну жана каттоону уюштуруу, жарандык жана иммиграция маселелери) (Б-А):

1) Кесипкөй билиминин деңгээли:

            -  юриспруденция багыты боюнча жогорку билим.

2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы 3 жылдан кем эмес иш стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесипкөй компетенциялары:

Билүү зарыл:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө», «Тышкы миграция жөнүндө», «Ички миграция жөнүндө»;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-вавгустундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароо тартиби жөнүндө” Жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө” жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө” нускама;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө” жана № 197  “Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө” токтомдору;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы  № 628 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги  № 172 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын чек арага жакын аймактарындагы чек ара режиминин жана чек ара тилке режиминин эрежелери”;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы  “Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө” токтому

- паспорт-виза тутумундагы тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат.

            Ыктуулуктары:

            - түзүмдүк бөлүнүштөрдүн ишин талдоо, прогноздоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо;

            - башкаруу чечимдерин ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

            - кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келе турган көйгөйлүү жагдайларды өз убагында аныктоо жана чечүү;

            Көндүмдөрү:

            -иштерди бөлүштүрүү, пландоо, башкаруу;

            - аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

            - маалыматтарды талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;

            - башкалардын ишинин натыйжалуугунун контролдоо жана баалоо;

            - ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- натыйжалуу алака түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүүнүн, эл алдында чыгып сүйлөөнүн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуунун ыкмаларын билүү;

- компьютердик жана уюштуруу техникаларын, зарыл программалык продукттарды колдоно билүү.

 

Паспорттоштурууну уюштуруу, калкты каттоо жана маалымат берүү бөлүмүнүн башчысы (Г-Б)

1) Кесипкөй билиминин деңгээли:

            -  юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багытындагы жогорку билим.

2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы 3 жылдан кем эмес иш стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесипкөй компетенциялары:

Билүү зарыл:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө», «Тышкы миграция жөнүндө», «Ички миграция жөнүндө»;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө” жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө” нускама;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө” жана № 197  “Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө” токтомдору;

                Ыктуулуктары:

            - түзүмдүк бөлүнүштөрдүн ишин талдоо, прогноздоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо;

            - башкаруу чечимдерин ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

            - кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келе турган көйгөйлүү жагдайларды өз убагында аныктоо жана чечүү;

            Көндүмдөрү:

            -иштерди бөлүштүрүү, пландоо, башкаруу;

            - аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

            - маалыматтарды талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;

            - башкалардын ишинин натыйжалуугунун контролдоо жана баалоо;

            - ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- натыйжалуу алака түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүүнүн, эл алдында чыгып сүйлөөнүн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуунун ыкмаларын билүү;

- компьютердик жана уюштуруу техникаларын, зарыл программалык продукттарды колдоно билүү.

 

Жарандык абалдын актылары жана жарандарды жекелештирип эсепке алуу бөлүмүнүн башчысы (Г-Б)

1) Кесипкөй билиминин деңгээли:

            -  юриспруденция багыты боюнча жогорку билим.

2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы 3 жылдан кем эмес иш стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесипкөй компетенциялары:

Билүү зарыл:

- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси, Кыргыз Республикасынын «Балдар жөнүндө» кодекси;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө», «Жарандык абалдын актылары жөнүндө», «Мамлекеттик алым жөнүндө», «Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө»;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө” жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтому.

  - мамлекеттик жана расмий тилдерди жазуу жүзүндө жана оозеки билүү.

Ыктуулуктары:

            - иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

            - түзүмдүк бөлүнүштөрдүн көйгөйлөрүн чечүүнүн ыкмаларын талдоо, прогноздоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдо жана интеграциялоо;

            - башкаруу чечимдерин ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

            - кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келе турган көйгөйлүү жагдайларды өз убагында аныктоо жана чечүү;

            - коюлган милдеттерди чечүү үчүн жаңычыл ыкмаларды пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

            - өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүнүштүн ишин натыйжалуу пландоо;

            - ведомстволор аралык өз ара алака түзүү.

            Көндүмдөрү:

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- түзүмдүк бөлүнүштү башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди рационалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруучу чечимдерди ыкчам даярдоо, бекитүү жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

- маалыматтарды талдоо, жалпылоо жана тутумдаштыруу;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- жаңжалдуу жагдайларды жөнгө салуу;

            - натыйжалуу алака түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүүнүн, эл алдында чыгып сүйлөөнүн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуунун ыкмаларын билүү;

- маалыматтык базалар менен иштөө;

- бетачарларды даярдоо;

- кызматтык убактысын сарамжалдуу пайдалануу;

- компьютердик жана уюштуруу техникаларын, зарыл программалык продукттарды колдоно билүү.

 

Бишкек жана Ош шаарлары боюнча көчмө каттоо секторунун башчысы С-А 

1) Кесипкөй билиминин деңгээли:

            - юриспруденция багыты боюнча жогорку билим.

2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы 1 жылдан кем эмес иш стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесипкөй компетенциялары:

Билүү зарыл:

- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси, Кыргыз Республикасынын «Балдар жөнүндө» кодекси; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө», «Жарандык абалдын актылары жөнүндө», «Мамлекеттик алым жөнүндө», «Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө»;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө” жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтому.

            Көндүмдөрү:

            - жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

            - маалыматтарды топтоо, талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;

            - стратегиялык жана аналитикалык документтерди даярдоо;

            -тиешелүү жааттардагы атамекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аларды практикада колдонуу;

            - башкармалыктын алдына коюлган милдеттерди чечүүдө демилге көтөрүү;

            - стратегиялык жана концептуалдуу милдеттерди аткаруунун индикаторлорун жана критерийлерин сапаттуу аныктоо;

            - кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;

            - иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

            - эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

            Көндүмдөрү:

            - ишти пландоо;

            - натыйжалуу угуу;

            - мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

            - ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

            - башкаруучу чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

- маалыматтык базалар менен иштөө;

- бетачарларды даярдоо;

            - кызматтык убактысын сарамжалдуу пайдалануу;

- компьютердик жана уюштуруу техникаларын, зарыл программалык продукттарды колдоно билүү.

 

Транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо департаменти

 

Баткен аймактык каттоо-сынак бөлүмүнүн башчысы Г-Б

            1) Кесипкөй билиминин деңгээли:

            - төмөнкү адистиктер боюнча жогорку билим: автоунаалар жана автоунаа чарбасы; жол кыймылын уюштуруу жана коопсуздук; жол кыймылын уюштуруу; ташууларды уюштуруу жана транспорттон башкаруу; автоунаа жолдору жана аэродромдор; автоунаа жолдору, көпүрөлөр жана тоннелдер; транспорт каражаттарын пайдалануу; жол жана курулуш машиналары; транспорттук технологиялык машиналарды жана комплекстерди пайдалануу жана башкаруу; транспорттук процесстердин технологиялары; айыл чарбасын механикалаштыруу; агрардык өнөр жай комплексинде машиналарды тейлөө жана оңдоо, автоунаа жолдорун куруу жана оңдоо жана/же юриспруденция.

                2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы 3 жылдан кем эмес иш стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесипкөй компетенциялары:

Билүү зарыл:

            - «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы № 603 токтому менен бекитилген тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды (автотранспорттон башкасын), алардын чиркегичтерин, ошондой эле технологиялык түзүлүштөрдү мамлекеттик каттоонун эрежелери;

            - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы № 603 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Башкы мамлекеттик техникалык инспекция органдары тарабынан квалификациялык экзамендерди алуунун жана тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүүнүн эрежелери;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 420 токтому менен бекитилген Экзамендерди кабыл алуу, граждандарга айдоочунун күбөлүгүн берүү жана транспорт каражаттарын башкарууга айдоочуларга уруксат берүү тартиби жөнүндө Жобо;

            - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 токтому менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелери;        

            - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 токтому менен бекитилген Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында каттоо эрежелери;

             - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 76 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо департаменти жөнүндо жобо.

            Ыктуулуктары:

  • транспорт каражаттарынын заводдук маркаларын жана категорияларын аныктоо;
  • транспорт каражаттары боюнча маалымдама материалдары менен иштөө;
  • маркировкалардын, номерлүү түйүндөрдүн жана агрегаттардын жайгашкан ордун аныктоо;
  • заводдун жана кошумча орнотулган жабдуулардын бар экендигин айырмалоо;
  • транспорт каражаттарынын сатуу-алуу, алмашуу келишимдерин юридикалык күбөлөндүрүү;

-  түзүмдүк бөлүнүштү башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди рационалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруучу чечимдерди ыкчам даярдоо, бекитүү жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

            - ведомстволор аралык алака түзүү;

- аналитикалык документтерди даярдоо;

- түзүмдүк бөлүнүштөрдүн ишин талдоо, прогноздоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо;

            - башкаруучу чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

            - кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келе турган көйгөйлүү жагдайларды өз убагында аныктоо жана чечүү;

      Көндүмдөрү:

            - транспорт каражаттарын башкаруу жана эң кеминде В, В1, С, С1 категорияларындагы айдоочунун күбөлүгүнүн бар болушу;

  - маалыматтарды талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;

                        - ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- натыйжалуу алака түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүүнүн, эл алдында чыгып сүйлөөнүн ыкмаларын билүү;

- мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникаларын, зарыл программалык продукттарды колдоно билүү.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкүлөрдү берүү зарыл:

- жеке арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги тууралуу маалыматтарды көрсөтүү менен) резюме, фотосүрөт;

- паспортунун көчүрмөсү;

- зарыл кесипкөй билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтери (эмгек китепчесинин, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даражасын жана же окумуштуулук наамын ыйгаруу жөнүндө документтеринин нотариуста же иштеген орду боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү)

 

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди же маалыматтарды берген адамдар конкурска катышууга киргизилбейт.

 Көктөмгө тиркелген документтерди 2017-жылдын 1-августунда саат 18:00гө чейинки мөөнөттө  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө тапшыруу зарыл.

Дареги: Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 44, 102-кеңсе, телефону: 62-49-15.

 

 

 

Өнөктөштөр