Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 05/09/2017

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫ

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкү бош административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына

ачык конкурс жарыялайт :

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Мамлекеттик каттоо кызматынын административдик мамлекеттик кызмат орундарына коюлуучу квалификациялык талаптар

 

Жалпы квалификациялык талаптар:

1.  Билүү зарыл:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

- Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдары: “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”; “Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө”; “Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө»; «Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө»; «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары жөнүндө”; “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”; “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө»;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү Нускама;

- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикалык кодекси;

2. Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

 

 

Ведомстволук бөлүнүш

Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти

 

Алай райондук жарандык абалдын актылары жана жарандарды жекелештирип эсепке алуу бөлүмүнүн башчысы (Г-Б) 

1) Кесипкөй билиминин деңгээли:

- юриспруденция багыты боюнча жогорку билим.

2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы 1 жылдан кем эмес иш стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесипкөй компетенциялары:

Билүү зарыл:

- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси, Кыргыз Республикасынын «Балдар жөнүндө» кодекси;

- Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдары: «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө», «Жарандык абалдын актылары жөнүндө», «Мамлекеттик алым жөнүндө», «Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө»;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө” жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтому.

Ыктуулуктары:

- иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

  - түзүмдүк бөлүнүштөрдүн көйгөйлөрүн чечүүнүн ыкмаларын талдоо, прогноздоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;

  - башкаруучу чечимдерди  ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

  - кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келе турган көйгөйлүү жагдайларды өз убагында аныктоо жана чечүү;

  - коюлган милдеттерди чечүү үчүн жаңычыл ыкмаларды пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

  - өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүнүштүн ишин натыйжалуу пландоо;

  - ведомстволор аралык өз ара алака түзүү.

         Көндүмдөрү:

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- түзүмдүк бөлүнүштү башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди рационалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруучу чечимдерди ыкчам даярдоо, бекитүү жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

- маалыматтарды талдоо, жалпылоо жана тутумдаштыруу;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- жаңжалдуу жагдайларды жөнгө салуу;

         - натыйжалуу алака түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүүнүн, эл алдында чыгып сүйлөөнүн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуунун ыкмаларын билүү;

- маалыматтык базалар менен иштөө;

- бетачарларды даярдоо;

- кызматтык убактысын сарамжалдуу пайдалануу;

- компьютердик жана уюштуруу техникаларын, зарыл программалык продукттарды колдоно билүү.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкүлөрдү берүү зарыл:

- жеке арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги тууралуу маалыматтарды көрсөтүү менен) резюме, фотосүрөт;

- паспортунун көчүрмөсү;

- зарыл кесипкөй билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтери (эмгек китепчесинин, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана же окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтеринин нотариуста, же иштеген орду боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү).

 

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди же маалыматтарды берген адамдар конкурска катышууга киргизилбейт.

 

Көктөмгө тиркелген документтерди 2017-жылдын 18-сентябрында саат 18:00гө чейинки мөөнөттө  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө тапшыруу зарыл.

Дареги: Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 44, 102-кеңсе, телефону: 62-49-15.

 

Кеңири маалымат төмөнкү даректерде жайгаштырылган:

www.grs.gov.kg, www.mkk.gov.kg.

 

Өнөктөштөр