Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 31/07/2017

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23, 27-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын конкурстук комиссиясынын 2017-жылдын 24-июлундагы № 20 протоколунун негизинде

Бош административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарын ээлөөгө конкурстан ийгиликтүү өткөн төмөнкү адамдар штаттык ырааттамага ылайык маяна менен 2017-жылдын 31-июлунан тартып дайындалсын:

Абдыкадыров Бактыбек Жоробаевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, үч ай сыноо мөөнөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин Ош шаардык каттоо-сынак бөлүмүнүн башчысы болуп;

Жусупова Кыял Дүйшөгуловна үч ай сыноо мөөнөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин Кадамжай райондук жарандык абалдын актыларын каттоо жана жарандарды жекелештирип эсепке алуу бөлүмүнүн башчысы болуп.

Өнөктөштөр