Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 13/02/2017
  • Просмотров: 2671
Коомчулуктун талкуусуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз республикасынын жаранынын паспорту жөнүндө” токтомунун долбоору чыгарылды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдагы үлгүдөгү паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдагы үлгүсүндөгү (ID-карта) идентификациялык  картасы-паспорту жөнүндө” токтом долбоору

Жогорудагы долбоор боюнча сунуштар жана сын-пикирлер,  М.Ганди көч., 32, e-mail: minjust.ep@mail.ru, факс 65-65-02 номуру боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде  кабыл алынат.

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

«Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдагы үлгүдөгү паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдагы үлгүсүндөгү идентификациялык  картасы-паспорту (ID-карта) жөнүндө» токтомунун долбооруна карата

Маалымкат - негиздеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтом долбоору Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдагы үлгүдөгү паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдагы үлгүсүндөгү (ID-карта) идентификациялык  картасы-паспорту жөнүндө жоболорду, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык бекитүү максаттарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдагы үлгүсүндөгү идентификациялык  картасы-паспорту (ID-карта) киргизилгендигине байланыштуу иштелип чыккан.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы УП №11 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүгүүсүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу максаттарында, токтомдун долбоору алар паспорттун ажыратылгыс бөлүктөрү болуп саналышкан тексттик, машина менен окула турган жана электрондук түрдөгү маалыматтар менен, кошо орнотулган электрондук чипи бар Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдагы үлгүсүндөгү улуттук паспортунун – идентификациялык  картасынын (ID-карта) жаңы тибинин жобосун бекитүүнү караштырат.

Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдагы үлгүсүндөгү идентификациялык  картасы-паспорту (ID-карта) Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын тастыктоочу документ болуп саналат. Идентификациялык  картасы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу жылып жүрүү үчүн, Кыргыз Республикасы алардын катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде жол жүрүү документи болуп кызмат өтөй алат.

Идентификациялык  картасы Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) эл аралык стандарттарына, анын ичинде сапаты жана корголгондугу боюнча дагы шайкеш келип турат.

Идентификациялык  картасы төмөнкү маалыматтарды камтып турат:

  • тексттик түрдөгү: фамилиясы, аты жана атасынын аты, жынысы, жарандыгы, туулган күнү, документинин номери, берилген күнү, аракеттенүү мөөнөтү, жеке идентификациялык  номери, документти берген орган, жана анын колу, ээсинин колу, ээсинин санариптик форматтагы бетинин сүрөттөлүшү, жеке идентификациялык  номеринин жана документтин номеринин штрих-коддору;
  • машина менен окула турган түрдөгү: машина менен окула турган зонасы;
  • электрондук чиптеги: МАСТ стандарттары боюнча криптографиялык алгоритмдердин базасында ише ашырылышкан биометрикалык маалыматтары жөнүндө маалымат, этникалык тиешелүүлүгү, туулган жери, дареги, үй-бүлөлүк абалы, электрондук-санариптик колтамгаларынын ачкычтары.

Идентификациялык  картасы ошондой эле көрүүсү бузулган адамдар үчүн Брайль шрифти менен тактилдик текстке дагы ээ болот.

Ошондой эле токтом долбоору менен Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдагы үлгүдөгү паспортунун (ID-картасынын) үлгүсүнүн абалын, сүрөттөлүшүн, эскиздерин жана схемалык сүрөттөлүшүн ирээтке келтирүү сунушталат.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдагы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорту, Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдагы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорту киргизилгендигине байланыштуу жараксыз жана ушуга байланыштуу долбоор тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-июлундагы №557 «Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдагы үлгүсүндөгү паспортунун жобосун, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдагы үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун жобосун, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө» токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда көрсөтүлгөн токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка токтомдорун күчүн жоготкон катары таануу сунушталат.

Ошондой эле долбоор тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасына Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдагы үлгүсүндөгү (ID-карта) идентификациялык  карталарын-паспортту персонификациялоого жана даярдоого карата ыйгарым укуктарды берүү караштырылууда.

Ушул токтом долбоорун кабыл алуу Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин (КБМР) ишке киргизүү жана өркүндөтүүгө байланыштуу дагы зарыл болууда. Ушул долбоорду кабыл алуу, улуттук паспорторду алышкан Кыргыз Республикасынын жарандары жөнүндө актуалдуу маалыматтар базасын түзүүгө, өлкөнүн улуттук коопсуздугун бекемдөөгө, калк тарабынан алынып жаткан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин кеңейтип жана сапатын жогорулатууга шарт түзмөкчү.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтом долбоору жөнгө салуу таасирине талдоо (ЖТТ) жүргүзүүнү талап кылбайт, анткени долбоор ишкерлердин ишмердигин жөнгө салууга багытталган ченемдерди камтыбайт.

Ошондой эле көрсөтүлгөн долбоор республикалык бюджеттен кошумча финансылык каражаттарды бөлүп берүүгө алып келбейт.

 

 

Партнеры