Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 05/04/2017
  • Просмотров: 2269
МКК жергиликтүү бийликтер менен бирге апрелдин соңуна чейин калктуу конуштардын жана көчөлөрдүн аталыштарын инвентаризациялоону жүргүзөт

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен бирге 2017-жылдан баштап шайлоочулардын сапаттуу тизмесин түзүү боюнча жигердүү иш жүргүзө баштады.

Бул үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге шайлоочулардын тизмелерин түзүүдө жаңылышууларды жараткан калктуу конуштардын жана көчөлөрдүн аталыштарын  инвентаризациялоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Бүгүнкү күнү 356 айыл аймактарында бул иш-чара аяктады, калган 109 аймакта 2017-жылдын апрель айынын соңуна чейин бүткөрүлөт.  

Аймактык шайлоо комиссияларынын тутумдук администраторлору жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан шайлоо участокторунун чек аралары такталууда. Кээ бир калктуу конуштардын кеңейип кетиши шайлоо участокторунун чек араларынын өзгөрүүсүнө алып келди. Негизинен мындай өзгөрүүлөр ири калктуу конуштарда: Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Каракол, Токмок, Кара-Балта, Сокулук жана Кара-Суу сыяктуу шаарларда болду.

Бүгүнкү күнү шайлоочулардын тизмелери такталып, shailoo.srs.kg порталына жүктөлдү. Жалпысынан республика боюнча 2 863 552 жаран добуш берүү укугуна ээ болушту. Бул көрсөткүч 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоого караганда 102 255 шайлоочуга көп. Мындан тышкары, шайлоочуларга ыңгайлуу болуш үчүн  (жаңыртылган тизменин датасы: 15-03-2017 18:00) кошумча сап киргизилди. МКК 18 жашка толгон жарандарды активдүүлүккө чакырып, өздөрүн шайлоочулардын тизмелеринен тактап алуусун суранат.

Тизмеде дал келбестиктер болсо,   spisok@srs.kg электрондук почтасына кат түрүндө, же болбосо 119 номери аркылуу Кызматтын Call-борборуна кайрылыңыздар (чалуу акысыз).

 

Партнеры