Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 03/05/2017
  • Просмотров: 2094

2-майдан тартып калкты тейлөө борборунда жана паспорт-виза жана каттоо  иштери боюнча бөлүмдөрдүн бардыгында 2017 – жылдын үлгүсүндөгү биометрикалык идентификациялык картаны даярдоо үчүн электрондук түрдө документтерди кабыл алынууда.

Колдонулуп жаткан паспортторду жаңы үлгүдөгү биометрикалык идентификациялык картага алмашууну каалагандардын саны республика боюнча  дээрлик көп болуп, Бишкек шаарында жайгашкан калкты тейлөө борборлору 1498 жаранды кабыл алышкан.

Жалпысынан алганда республика боюнча 2 майдан тартып 4556 жарандан идентификациялык картаны даярдоо үчүн анкеталарды кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Маммлекеттик каттоо кызматы  паспортту жаңы үлгүдөгү идентификациялык картага алмаштыруу жарандын өз каалоосу менен жана алмаштырууга эч ким мажбурлабастыгын эсиңиздерге салат.

Идентификациялык картаны алуу боюнча суроолоруңуздар жана паспорт алмаштыруу боюнча мажбурлоо фактысы боюнча 119 номери боюнча чалуу-борборуна жана 0312 62 41 40 Кызматтын ишеним телефонуна билдирип коюңуздарды суранабыз.

Партнеры