Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 555 55 10 *
Call Center
119

БИЗДИН КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР

Кыргыз Республикасынын калкына, бизнеске жана мамлекеттик органдарга

Жаңылыктар

  • 28
  • Sep

Данияр Бакчиев МККна статс – катчы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017 – жылдын 27 – октябрындагы № 694 тескемесине ылайык Бакчиев Данияр Бакытбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын статс – катчысы болуп дайындалды. Данияр Бакчиев (1984 – жылы туулган) буга чейин Кыргыз Республикасынын стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директорунун орун басары болуп келген. Эмгек ишмердүүлүгү :    05.2016 – 10.2017 -... Кененирээк
  • 22
  • Sep

«Инфоком» МИси мектеп окуучуларынын арасында сынак жарыялайт – «Туулган жердин сулуулугу»

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы мектеп окуучуларынын арасындагы «ТУУЛГАН ЖЕРДИН СУЛУУЛУГУ» темасындагы ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАК өткөрөт. Сынак өсүп келе жаткан муунду мекенчилдик жана нравалык тарбиялоо максаттарында, ошондой эле аларды чыгармачылык өнүктүрүү жана таланттуу балдарга колдоо көрсөтүү максаттарында өткөрүлүүдө. Сынакка 1-6-класстардын (кенже топ) жана 7-11-класстардын... Кененирээк
  • 22
  • Sep

МККда МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮ ӨТТҮ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүн майрамдоонун урматына салтанаттуу иш-чара өттү. МКК иш-чаралардын алкагында борбордук аппараттын жана ведомстволук бөлүнүштөрдүн кызматкерлеринин арасында үч номинация боюнча: көркөм окуу же монолог, кыргыз эл ырларын мыкты аткаруучу жана кыргыз элинин улуттук каада-салттары боюнча конкурс өткөрдү. Иш-чаранын негизги максаты маданий жана адеп... Кененирээк
  • 19
  • Sep

Бишкек шаарындагы экинчи калкты тейлөө борбору кененирээк жайга көчтү

  Чолпон-Ата 2 адресиндеги АЮ «Grand Comfort» соода борборунда жайгашкан  Бишкек шаарындагы экинчи калкты тейлөө борбору имараттын батыш тарабынан борбордук бөлүгүнө көчүрүлдү. Калкты тейлөө борбору  көчүрүлгөн жайы кенен ошондой эле жарандардын ынгайлуулугу үчүн кубаттуу  желдетүү жана салкындатуу тутуму орнотулган. Мурда жайгашкан орду 1200 чарчы метрди түзгөн болсо,  азыркы орду 1700 чарчы метр.      Тейлөө борборунун... Кененирээк
  • 15
  • Sep

Жалпы республикада шайлоочуларды идентификациялоочу тутум жана жабдуулар тестирленип жатат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул жылдын 14-сентябрынан тартып Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Нарын облустарынын ири райондорунда шайлоочуларды идентификациялоо боюнча жабдууларды жана программалык камсыздоону тестирлөө иштерин жүргүзүп жатат. Тестирлөө 23-сентябрга чейин созулуп, анын жүрүшүндө шайлоочулар биометрикалык идентификациядан өтө турган этаптардын баары текшерилип, жабдуунун жана тутумдун ишинде мүмкүн болуучу бузулуулар аныкталат.... Кененирээк
  • 15
  • Sep

Добуш берүү үчүн эски ID-картты милдеттүү түрдө электрондук паспортко алмаштыруунун зарылчылыгы жок

Үгүт өнөктүгү башталганына байланыштуу айрым президенттикке талапкерлердин үгүтчүлөрү шайлоочуларды ID-карттарын жаңы биометриялык паспортторго алмаштырууга чакырып, “антпесе добуш бере албайсыңар”  деп үндөй башташты. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына “эмне үчүн үгүтчүлөр жарандардын идентификациялык жеке номерлерин (ИЖН-ПИН) чогултуп жатышат?” деген суроо менен шайлоочулардан көптөгөн кайрылуулар түшүп жатат.... Кененирээк

Өнөктөштөр