Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы (мындан ары – Кызмат) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы №708 токтому менен түзүлгөн.

Кызматтын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тике түрдө баш ийдирилип турган республикалык ведомстволор кирген.

Ушуга тиешелүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы төмөнкү органдардын укуктарын улантуучу болуп эсептелет:

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик маалымат ресурстары жана технологиялар агенттигинин;
  • Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, суу чарбачылыгы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Мамлекеттик техникалык инспекциянын;
  • Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин айдоочулар курамын жана автотранспорт каражаттарын каттоо бөлүгүндө;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө карата укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин, Жерлерди пайдалануу жана коргоого мамлекеттик көзөмөлдүк боюнча жер инспекциясынын, “Кыргыздолжерми” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлук институтунун, Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын функцияларынан башкалары;
  • Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Паспорттук-визалык көзөмөлдөө башкармалыгынын паспортторду берүү жана жарандарды жашаган жери боюнча каттоо боюнча;
  • Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жарандык абал актылары бөлүгүндө;
  • Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин коммерциялык юридикалык жактарды, алардын өкүлчүлүктөрүн, филиалдарын каттоо (кайра каттоо) жана алардын ишмердигин 2010-жылдын 1-июлунан тартып токтотуу;
  • Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат минитсрлигинин алдындагы Мамлекеттик архив агенттигинин.

Өнөктөштөр