Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119

Жетекчилик

Төрага

Кызматты жетектейт жана Кызматка жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

Ички аудит сектору жана биринчи сектор өздөрүнүн ишинде Кызматтын төрагасына түздөн-түз отчет берет.

Мамлекеттик бийликтин органдарында жана башка уюмдарда Кызматтын кызыкчылыктарын коргойт.

Буйруктарды жана башка укуктук актыларды чыгарат.

Статс-катчы менен орун басарлардын ортосунда кызматтык милдеттерди бөлүштүрөт.

Мыйзамдарда белгиленген тартипте Кызматтын каражаттарын тескейт жана мүлкүн башкарат.

Кызматтын борбордук аппаратынын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитет.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кызматтын алдындагы ведомстволук бөлүнүштөрдүн түзүмүн, штаттык ырааттамасын бекитет.

Кызматтын Иш регламентин бекитет.

Коллегия жөнүндө жобону бекитет.

Кызмат орундарынын номенклатурасына ылайык Кызматтын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот жана мыйзамдарда белгиленген тартипте Кызматтын алдындагы ведомстволук бөлүнүштөрдүн жетекчилерин кызматка дайындоого сунуштама киргизет.

Джумадылов Санжарбек Кадырович

Статс-катчы

Төраганын орун басары

Иштин айрым багыттары боюнча Кызматты көрсөтөт – Кызматтын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемесине кураторлук кылат жана Кызматтын ишинин кураторлук кылган багыттарына жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын жана коррупцияга каршы аракеттенүүнүн аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат. Кураторлук кылган багыттар боюнча коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча маселелерди контролдойт.

Кызматтын төрагасынын орун басарына түздөн-түз баш иет: Кызматтын борбордук аппаратынын кыймылдуу мүлктү каттоо бөлүмү, укуктук камсыздоо бөлүмү.

Төраганын орун басары милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык жана төраганын тапшырмасы менен:

  • алдыңкы башкаруу технологияларын: стратегиялык менеджментти, электрондук документ жүгүртүүнү жана электрондук өкмөттү киргизүүнү ишке ашырат;
  • кураторлук кылган Кызматтын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн жана Кызматтын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин тескейт жана контролдойт, алардын жетекчилерине тапшырма берет;
  • Кызматтын борбордук аппаратында кураторлук кылган багыттар боюнча Кызматтын департаменттери жана башка ведомстволук бөлүнүштөрү менен өз ара аракеттенет (анын ичинен тапшырмаларды берет);
  • мамлекеттик бийликтин органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын өкүлдөрү менен кеңешмелерди өткөрөт;
  • Кызматка түшкөн кайрылууларды жана башка документтерди карайт;
  • төраганын кол коюусуна берилүүчү документтердин долбоорлорун карайт жана виза коет;
  • актылардын долбоорлорун жана башка документтерди макулдашат, ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда алардын корутундуларына кол коет;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кызматтын Регламентинде жана буйруктарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт.
  • кураторлук кылган Кызматтын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн аймактык органдарынын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын иштеп чыгууга жана макулдашууга катышат;
  • Кызматтын төрагасына сунуштарды киргизүүдө Кызматтын бекитилген номенклатурасына ылайык кураторлук кылган Кызматтын ведомстволук бөлүнүштөрүндө жана алардын аймактык органдарында кадрларды тандоону жана жайгаштырууну макулдашат жана алардын сапатына жооп берет;
  • кураторлук кылган Кызматтын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн жана алардын аймактык органдарынын кызматкерлерине тартиптик жаза көрүү же аны мөөнөтүнөн мурда алып салуу, ведомстволук артыкчылык белгилер менен сыйлоого жана башка сыйлык түрлөрүнө сунуштоо жөнүндө өтүнүч берет.

Милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык төраганын орун басары, ага тийиштүү ыйгарым укуктар берилген учурда, Кызматтын буйруктарына же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка актылардын түрлөрүнө кол коет, ошондой эле төрага тарабынан берилген ишеним каттардын негизинде келишимдерге жана башка жарандык-укуктук документтерге Кызматтын атынан кол коет.

Карыбеков Залкарбек Арзыбекович

Төраганын орун басары

Иштин айрым багыттары боюнча Кызматты көрсөтөт – Кызматтын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментине кураторлук кылат жана Кызматтын ишинин кураторлук кылган багыттарына жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат. Кураторлук кылган багыттар боюнча коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча маселелерди контролдойт.

Кызматтын төрагасынын орун басарына түздөн-түз баш иет: Кызматтын борбордук аппаратынын калкты документтештирүү жана архивдик иш бөлүмү, финансы-экономикалык бөлүмү, мамлекеттик сатып алуулар бөлүмү, регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү,.

Төраганын орун басары милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык жана төраганын тапшырмасы менен:

  • мамлекеттик бийликтин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандар жана уюмдар менен өз ара аракеттенет (анын ичинен кат алышууну жүргүзөт);
  • кураторлук кылган Кызматтын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн жана Кызматтын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин тескейт жана контролдойт, алардын жетекчилерине тапшырма берет;
  • Кызматтын борбордук аппаратында кураторлук кылган багыттар боюнча Кызматтын департаменттери жана башка ведомстволук бөлүнүштөрү менен өз ара аракеттенет (анын ичинен тапшырмаларды берет);
  • мамлекеттик бийликтин органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын өкүлдөрү менен кеңешмелерди өткөрөт;
  • Кызматка түшкөн кайрылууларды жана башка документтерди карайт;
  • төраганын кол коюусуна берилүүчү документтердин долбоорлорун карайт жана виза коет;
  • актылардын долбоорлорун жана башка документтерди макулдашат, ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда алардын корутундуларына кол коет;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кызматтын Регламентинде жана буйруктарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт.
  • кураторлук кылган Кызматтын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн аймактык органдарынын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын иштеп чыгууга жана макулдашууга катышат;
  • Кызматтын төрагасына сунуштарды киргизүүдө Кызматтын бекитилген номенклатурасына ылайык кураторлук кылган Кызматтын ведомстволук бөлүнүштөрүндө жана алардын аймактык органдарында кадрларды тандоону жана жайгаштырууну макулдашат жана алардын сапатына жооп берет;
  • кураторлук кылган Кызматтын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн жана алардын аймактык органдарынын кызматкерлерине тартиптик жаза көрүү же аны мөөнөтүнөн мурда алып салуу, ведомстволук артыкчылык белгилер менен сыйлоого жана башка сыйлык түрлөрүнө сунуштоо жөнүндө өтүнүч берет.

Милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык төраганын орун басары, ага тийиштүү ыйгарым укуктар берилген учурда, Кызматтын буйруктарына же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка актылардын түрлөрүнө кол коет, ошондой эле төрага тарабынан берилген ишеним каттардын негизинде келишимдерге жана башка жарандык-укуктук документтерге Кызматтын атынан кол кое

Төраганын орун басары

Иштин айрым багыттары боюнча Кызматты көрсөтөт – Кызматтын алдындагы  “Инфоком” мамлекеттик ишканасына кураторлук кылат жана Кызматтын ишинин кураторлук кылган багыттарына жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын жана коррупцияга каршы аракеттенүүнүн аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат. Кураторлук кылган багыттар боюнча коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча маселелерди контролдойт.

Кызматтын төрагасынын орун басарына түздөн-түз баш иет: Кызматтын борбордук аппаратынын эл аралык кызматташтык сектору, стратегиялык өнүктүрүү жана интеграциялык процесстер сектору, мониторинг жана талдоо бөлүмү, информациялык технологиялар жана байланыш бөлүмү .

Төраганын орун басары милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык жана төраганын тапшырмасы менен:

  • мамлекеттик бийликтин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандар жана уюмдар менен өз ара аракеттенет (анын ичинен кат алышууну жүргүзөт);
  • кураторлук кылган Кызматтын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин тескейт жана контролдойт, алардын жетекчилерине тапшырмаларды берет;
  • мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу процессин жана жеткиликтүүлүгүн уюштурат, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тийиштүү стандарттарын иштеп чыгат;
  • Кызматты стратегиялык башкарууну жана ишин пландоону жүргүзөт;
  • тийиштүү багыттар боюнча Кызматтын ведомстволук бөлүнүштөрү менен өз ара аракеттенет (анын ичинен тапшырмаларды берет);
  • мамлекеттик бийликтин органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын өкүлдөрү менен кеңешмелерди өткөрөт;
  • Кызматка түшкөн кайрылууларды жана башка документтерди карайт;
  • төраганын кол коюусуна берилүүчү документтердин долбоорлорун карайт жана виза коет;
  • актылардын долбоорлорун жана башка документтерди макулдашат, ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда алардын корутундуларына кол коет;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кызматтын Регламентинде жана буйруктарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт.
  • кураторлук кылган Кызматтын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн аймактык органдарынын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын иштеп чыгууга жана макулдашууга катышат;
  • Кызматтын төрагасына сунуштарды киргизүүдө Кызматтын бекитилген номенклатурасына ылайык кураторлук кылган Кызматтын ведомстволук бөлүнүштөрүндө жана алардын аймактык органдарында кадрларды тандоону жана жайгаштырууну макулдашат жана алардын сапатына жооп берет;
  • кураторлук кылган Кызматтын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн жана алардын аймактык органдарынын кызматкерлерине тартиптик жаза көрүү же аны мөөнөтүнөн мурда алып салуу, ведомстволук артыкчылык белгилер менен сыйлоого жана башка сыйлык түрлөрүнө сунуштоо жөнүндө өтүнүч берет.

Милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык төраганын орун басары, ага тийиштүү ыйгарым укуктар берилген учурда, Кызматтын буйруктарына же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка актылардын түрлөрүнө кол коет, ошондой эле төрага тарабынан берилген ишеним каттардын негизинде келишимдерге жана башка жарандык-укуктук документтерге Кызматтын атынан кол коет.

ВЕДОМСТВО АЛДЫНДАГЫ УЮМДАРДЫН ЖЕТЕКЧИЛИКТЕРИ

 

Өнөктөштөр