Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 05/01/2016

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2012-жылдын 20-февралындагы
№128 токтому менен
бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө
ЖОБО

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 2402015-жылдын 30-марты № 1682015-жылдын 2-июлу № 4342015-жылдын 17-августу № 5782015-жылдын 14-декабрындагы № 8562016-жылдын 15-ноябрындагы № 5892016-жылдын 12-декабрындагы № 6532017-жылдын 3-апрелиндеги № 199,
2017-жылдын 28-августундагы № 542 токтомдорунун редакциясына ылайык)

 

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы (мындан ары - Кызмат) өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде архив иши, калкты жана автотранспорттук каражаттарды, алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын,кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, ошондой эле Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү, сактоо жана актуалдаштыруу жана күбөлөндүрүү борборлорунун ачык ачкычтарынын бирдиктүү инфратүзүмүн түзүү тармагында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыздаган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.

 (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-августу № 5782016-жылдын 15-ноябрындагы № 5892017-жылдын 3-апрелиндеги № 199 токтомдорунун редакциясына ылайык)

2. Кызмат өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

3. Кызмат өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар, коомдук бирикмелер, башка уюмдар менен өз ара байланышта жүргүзөт.

4. Кызмат юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөргө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын казыначылык системасында алыш-бериш башка эсептерге ээ.

 

2. Кызматтын максаты

 

5. Кызматтын максаты болуп мамлекеттик каттоо саясатын, ошондой эле электрондук санариптик кол тамга жаатындагы саясатты ишке ашыруу саналат.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 2402017-жылдын 3-апрелиндеги № 199 токтомдорунун редакциясына ылайык)

 

3. Кызматтын милдеттери

 

6. Кызматтын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- бирдиктүү маалыматтык-каттоо ресурстарынын негизинде заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен бирдиктүү мамлекеттик каттоо-эсепке алуу системасын өнүктүрүүнү жана түзүүнү камсыздоо жана электрондук документ жүгүртүү системасын ишке киргизүү;

- маалыматтык-сурап билүү иштер системасын, бул чөйрөдөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр маселелери боюнча жарандарга жана уюмдарга толук маалымат берүүнү камсыздаган мамлекеттик каттоону колдоо системасын түзүү;

- электрондук түрдөгү юридикалык маанилүү бир түргө келтирилген мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана ведомстволор аралык маалыматтык өз ара аракеттенүүнү камсыздоо үчүн электрондук санарип кол тамгасынын бирдиктүү инфратүзүмүн түзүү;

- Кызматтын компетенциясында турган мамлекеттик маалыматтык-каттоо ресурстарынын, маалыматтык системалардын жана тармактардын коопсуздугун жана корголушун камсыздоо;

- Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүүгө карата абалды талдоо жана сунуштарды аларды кийин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кароосуна киргизүүсү менен иштеп чыгуу;

- калкты мамлекеттик каттоону түзүү жана өнүктүрүүнү камсыздоо.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 2402017-жылдын 3-апрелиндеги № 199 токтомдорунун редакциясына ылайык)

 

4. Кызматтын функциялары

 

7. Кызмат төмөнкү функцияларды аткарат:

а) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:

- электрондук санариптик кол тамга маселелеринен тышкары, Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кароосуна киргизүү;

- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин кароосуна электрондук санариптик кол тамга жана почта байланышы маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизүү;

- обочолонгон маалыматтык мамлекеттик каттоо системаларын технологиялык бириктирүү жана бирдиктүү маалыматтык-каттоо ресурсун түзүү;

- (төртүнчу абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 589 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- мамлекеттик маанидеги жекелештирилген документтерди, ошондой эле адамдын ким экендигин тастыктаган документтерди даярдоо, каттоо, эсепке алуу, берүү, коргоо, сактоо жана жок кылуу системасын уюштуруу;

- калкты жана жарандык абалдын актыларын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү каттоо системасын уюштуруу, мамлекеттик жер кадастрын жүргүзүү;

- тейлеген тармагына ылайык укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды өткөрөт;

- электрондук түрдө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн алкагында мамлекеттик бийлик органдары ортосунда ведомстволор аралык, жарандар жана уюмдар менен маалыматтык өз ара аракеттенүүнү уюштуруу үчүн мамлекеттик бийлик органдарына программалык жана телекоммуникациялык инфраструктура берүү;

- мамлекеттик маалыматтык-каттоо системасын иштетүүнүн алкагында маалыматтык өз ара аракеттенүүнү камсыздоо;

- мамлекеттик каттоо жана мамлекеттик маалыматтык-каттоо системаларына кирүүнү камсыздоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү алкагында мамлекеттик бийлик органдарынын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо кызыкчылыгында бирдиктүү маалыматтык-технологиялык мейкиндикти камсыздоо жана ишке ашыруу;

- юридикалык күчкө ээ болгон зарыл күбөлүктөрдүн убактысын, бүтүндүгүн, аныктыгын, автордугун, жашыруундугун жана берүү мүмкүнчүлүгүн белгилөөнү камсыздоо менен электрондук билдирүүлөрдү алуучуга кепилдик берүүнү жана өз убагында жеткирүүнү камсыздоо;

- Кыргыз Республикасынын ар бир жаранына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга идентификациялык жеке номерди (ИЖН) ыйгаруу;

- берилип жаткан маалыматтарды мыйзамсыз кирүүдөн, бурмалоодон же өзгөртүүдөн коргоону камсыздоо;

- маалыматташтыруу, архив иши, калкты, автомототранспорттук каражаттарды, алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тармагында мамлекеттик жана максаттуу программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;

- мамлекеттик маалыматтык-каттоо ресурстарын түзүүнү, сактоону, колдонууну жана коопсуздугун камсыздоо;

- заманбап маалыматтык-каттоо технологияларын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр бөлүгүндө өздөштүрүүгө катышуу;

- мамлекеттик маалыматтык-каттоо ресурстарын түзүүгө жана өнүктүрүүгө катышуу;

- программалык-техникалык комплекстерди, маалыматтык системаларды жана тармактарды, анын ичинен электрондук санарип кол тамгасын иштеп чыгууну жана өздөштүрүүнү камсыздоо;

- мамлекеттик маалыматтык-каттоо ресурстары жана технологиялар чөйрөсүндө техникалык регламенттерди иштеп чыгууга катышуу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын архив ишин башкарууну жүргүзүү;

- (он тогузунчу абзац КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 240 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (жыйырманчы абзац КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 240 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (жыйырманчы биринчи абзац КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 240 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

б) жөнгө салуу функциялары:

- Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринин базасында Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү геомаалыматтык системаны түзөт;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондусун түзүүнү, анын ичинен аны республиканын чегинен сырткары турган Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарынын документтери менен толуктоону уюштурат;

- күбөлөндүрүү борборлорунун кол тамга ачкычтарынын сертификаттарынын бирдиктүү мамлекеттик жалпыга жеткиликтүү реестрин жүргүзөт;

- (төртүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 589 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

в) тескөө, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:

- архив иши, калкты, автомототранспорттук каражаттарды, алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тармагындагы мамлекеттик жана максаттуу программаларды аткаруу боюнча Кызматтын ведомстволук бөлүмдөрүнүн, мекемелеринин, уюмдарынын жана ишканаларынын ишин контролдойт, мониторинг жүргүзөт жана баалайт;

- Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча координациялык жана башка комиссияларды, жумушчу топторду түзөт жана алардын ишине катышат;

- Кызматтын иш чөйрөсүндөгү илимий-изилдөө, методологиялык, усулдук иштерди тескейт;

г) кызмат көрсөтүү функциялары:

- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын жарандарын, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоону жана эсепке алууну жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди тариздейт, белгиленген тартипте виза берет, узартат жана жокко чыгарат, жашап турууга уруксат алуу документтерин жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары убактылуу жана туруктуу жашоого чыгуу документтерин тариздейт;

- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке жана биометрикалык маалыматтарын чогултууну, иштеп чыгууну жана сактоону жүргүзөт;

- шайлоочуларды эсепке алуу тутумун колдонуу менен шайлоочулардын маалыматтарынын - алардын биометрикалык жана жеке маалыматтарынын негизинде шайлоочулардын тизмесин түзөт жана шайлоочулардын электрондук тизмесинде жарандарды идентификациялоону жүргүзөт;

- кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды жана чектөөлөрдү мамлекеттик каттоодон өткөрөт, Кыймылсыз мүлккө болгон укуктун бирдиктүү реестрин жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жер кадастрын түзөт жана тейлейт, кадастрдык сүрөт тартат жана кыймылсыз мүлк объекттерин түзөт, ошондой эле кыймылсыз мүлк бирдиктерин техникалык жактан текшерет, жер участогуна укуктарды ырастоочу техникалык паспортторду жана документтерди берет;

- иш жүзүндө (жеринде) жер участокторун бөлүп берүүнү жүргүзөт, юридикалык жана жеке жактардын жер пайдалануу чек араларын бекитет, ошондой эле айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн жерлерди бөлүп берүүдө айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын, зыяндарды жана алынбай калган пайдаларды эсептөөнү жүргүзөт;

- жер ресурстарын башкаруу жана жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү, анын ичинде жоготуулардын ордун толтуруу ченемдерин, мамлекеттик жерлерди пайдалануу жана жерлерди бир категориядан башкага категорияга которуу тартибин өркүндөтүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу маселелерине тиешелүү сунуштарды Юстиция министрлигинин кароосуна киргизет;

- автомототранспорттук каражаттарды жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулардын курамын жана окуу уюмдарынын окуучуларын каттайт жана кайра каттайт;

- электрондук санариптик кол тамга ачык ачкычына сертификаттарды күбөлөндүрүү борборлоруна берет;

д) колдоо функциясы:

- өз компетенциясынын чегинде эл аралык макулдашууларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат, эл аралык долбоорлордун жана программалардын ишке ашуусун камсыз кылат;

- маалыматтык-каттоо продуктулар, ресурстар, технологиялар, ошондой эле маалыматтык-каттоо системасы, тармактар кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүүгө катышат;

- Кыргыз Республикасынын чектеш мамлекеттер менен мамлекеттик чек арасынын линиясын делимитациялоо жана демаркациялоо процесстерине катышат;

- электрондук өкмөттү иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө катышат;

- Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана сот органдарында Кызматтын кызыкчылыктарын коргойт;

- кыймылсыз мүлккө салык салуу максатында кыймылсыз мүлктү баалоого (кайра баалоого) катышат;

- башка мамлекеттик органдардын карамагында турган мамлекеттик маалыматтык-каттоо ресурстарын каттоо жана эсепке алуу боюнча иштерди уюштурат;

- жарандардын жана уюмдардын маалыматтык-каттоо ресурстарына жетүүгө укуктарынын ишке ашуусун камсыз кылат;

- айдоочулардын курамын жана окуу уюмдарынын окуучуларын, автомототранспорттук каражаттарды жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, автомототранспорттук каражаттарды жана атайын технологиялык машиналарды башкаруу жана ээлөө укугу берилген ишеним каттарды каттоо жана эсепке алуу боюнча иш-чараларды, ошондой эле автомототранспорттук каражаттарды жана атайын технологиялык машиналарды башкаруу укугуна окуудан өткөн адамдардан экзамен алууну камсыз кылат жана ишке ашырат

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 2402015-жылдын 2-июлу № 4342015-жылдын 17-августу № 5782015-жылдын 14-декабрындагы № 8562016-жылдын 15-ноябрындагы № 5892016-жылдын 12-декабрындагы № 6532017-жылдын 3-апрелиндеги № 199, 2017-жылдын 28-августундагы № 542  токтомдорунун редакциясына ылайык)

 

5. Кызматтын укуктары

 

8. Кызмат төмөнкүлөргө укуктуу:

- өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык буйруктарды, тескемелерди, нускамаларды иштеп чыгууга жана чыгарууга;

- Кызматтын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;

- берилген ыйгарым укуктардын чегинде, аткаруу үчүн милдеттүү болгон, аныкталган укук бузууларды четтетүү жөнүндө жазма буйруктарды юридикалык жактарга берүүгө, берилген ыйгарым укуктардын алкагында жеке жана юридикалык жактардын укук бузууларына администрациялык протокол түзүүгө жана кароого;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан Кызматтын алдында турган милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте сурап алууга;

- берилген ыйгарым укуктардын алкагында Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык кызматташтыкты жүргүзүүгө;

- башка мамлекеттик органдардын карамагында турган маалыматтык-каттоо ресурстарын экспертизалоого жана техникалык жөнгө салууга катышууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды аткарууга.

 

6. Кызматтын ишин уюштуруу

 

9. Кызматты Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу төрага жетектейт.

10. Кызматтын статс-катчысын кызматка дайындоо, бошотуу тартиби, функциялары жана ыйгарым укуктары мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзам менен аныкталат.

Кызматтын төрагасынын орун басарлары Кызматтын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, Кызматтын төрагасына түздөн-түз баш иет жана кызматтык, функционалдык милдеттеринин алкагында Кызматтын ишине катышат.

11. Кызматтын борбордук аппаратын, ведомстволук бөлүмдөрүн күтүүгө финансылык чыгымдар республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган каржылоонун башка булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.

12. Кызматтын төрагасы:

- Кызматты жетектейт жана ага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;

- буйруктарды, тескемелерди жана башка укуктук актыларды чыгарат;

- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча статс-катчыга Кызматтын компетенциясына тиешелүү, мамлекеттик кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык статс-катчынын компетенциясына кирбеген кошумча функционалдык милдеттерди аткарууну жүктөйт;

- Кызматтын статс-катчысынын жана төрагасынын орун басарлары ортосунда кызматтык милдеттерди бөлүштүрөт;

- мамлекеттик органдарда жана башка уюмдарда Кызматтын таламдарын коргойт;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кызматтын каражаттарын тескейт жана мүлкүн башкарат;

- Кызматтын борбордук аппаратынын, ведомстволук бөлүмдөрүнүн, мекемелеринин, уюмдарынын жана ишканаларынын өзгөрүүсү Кызматтын милдеттеринин жана функцияларынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу гана болушу мүмкүн болгон түзүмүн бекитет.

Мында төраганы дайындоо Кызматтын түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп эсептелбейт;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кызматтын борбордук аппаратынын, ведомстволук бөлүмдөрүнүн, мекемелеринин, уюмдарынын жана ишканаларынын штаттык ырааттамасын бекитет;

- Кызматтын иш регламентин бекитет;

- Кызматтын коллегиясы жөнүндө жобону бекитет;

- кызматтык номенклатурага ылайык Кызматтын кызматчыларын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин номенклатурасына кирген ведомстволук уюмдардын жетекчилерин дайындоого Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш киргизет;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүдө өз компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдерди түзөт, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Кызматтын ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 240 токтомунун редакциясына ылайык)

13. Кызматта 13 адамдан турган коллегия түзүлөт. Төрага, юстиция министри, статс-катчы, Кызматтын төрагасынын орун басарлары, ошондой эле Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча саясатты иштеп чыгуу маселелерин тейлеген министрдин орун басары коллегиянын курамына кызматтары боюнча киришет. Коллегиянын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлдөрү, Кызматтын ведомстволук жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери киришет.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 240 токтомунун редакциясына ылайык)

14. Коллегиянын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.

15. Кызматтын ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында консультативдик-байкоочу орган түрүндөгү, коомдук негизде иштеген Коомдук кеңеш түзүлөт.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 30-марты № 168 токтомдун редакциясына ылайык)

 

7. Корутунду жоболор

 

16. Кызматты жоюу жана кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

17. Кызматтын документтери Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө мыйзамга ылайык сакталат жана колдонулат.

 

Өнөктөштөр